Flag of Kyrgyz Republic

Пресс-релиздер

Language: English | Kyrgyz | Russian
Шейшемби, Сентябрь 26, 2017 - 3:00am

2017-жылдын 29-сентябрында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчөтүү жана адардын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу маселелерин талкуулоо максатында форум уюштуруп жатат. Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттеринин, жергиликтүү кеңештеринин жана жарандык коом уюмдарынын, КР Өкмөт аппаратынын жана эл аралык уюмдардын 120га жакын өкүлү мыкты тажрыйба менен бөлүшүү жана талкуулоо үчүн чогулушат.

Форумдун катышуучулары жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча инновациялык ыкмалар жана стратегиялар, алардын туруктуулугун камсыздоо боюнча презентациялар менен таанышышат. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттер тыштандыларды жыйноо жана жоготуу, маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртуу жана айыл чарба кызмат көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

USAID 1 миңден ашуун бейтапка узак мөөнөткө созулган жана көп учурда оор дарыланууну бүтүрүүгө жардам берди.
Жума, Март 24, 2017 - 6:30am

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү АКШ Өкмөтү Кыргыз Республикасында кургак учукту жок кылууга берген убадасын кайрадан тастыктап келет. USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” долбоору – бул АКШнын кыргызстандыктардын ден соолугуна жана келечегине 12 млн долларынан ашык инвестиция.

Кыргызстандын стендине төрт күн ичинде 14 миңден көп адам келди
Жума, Февраль 10, 2017 - 1:30am

26-29-январда, Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын жети туроператору Стамбул шаарында өткөн Eastern Mediterranean Travel and Tourism (EMITT) туристтик көргөзмөсүнө катышышты. Ошондой эле, Кыргызстанга чет өлкөлүк туроператорлордун, туристтик блогерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыгуусун арттыруу максатында, USAID түркиялык “Gezimanya” аттуу туристтик жана медиа-компания менен бирге көргөзмөдө бир нече жарнамалык иш-чараларды уюштурду. Натыйжада, кыргызстандык туроператорлор 2017-жылкы жайкы сезонго карата 42 потенциалдуу келишимдердин шарттарын талкуулашты.

Кыргызстан стендине 5 миңден ашуун киши келди
Шейшемби, Январь 31, 2017 - 10:15pm

18-22-январь аралыгында, Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти USAIDдин колдоосу менен Мадридде (Испания) өткөн FITUR-2017 эл аралык туризм жарманкесине катышты. FITUR – туризмге арналган Европанын алдыңкы жарманкеси жана быйыл ага 165 мамлекеттен 9,500 туристтик компания катышты.

Изилдөөлөр, ошондой эле окуучунун үйдөгү айлана-чөйрөсүн дагы эске алган.
Жекшемби, Январь 22, 2017 - 11:00pm

17-январь күнү адистерге сунушталган USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунун изилдөөсүнө ылайык, долбоорго катышкан башталгыч класстардын окуучулары, окуу көндүмдөрүн бир кыйла жакшырткандыгын көрсөттү. Долбоордун алкагында окуудан өткөн мугалимдердин натыйжалуу окутуу ыкмаларын колдонуусу көбөйгөндүгүн, жана ата-энелер балдары менен чогу китеп окууга көбүрөөк убакыт бөлө баштагандыгын көрсөттү.

Окутуудан кийин мугалимдер тиешелүү сертификаттарды алышты
Шаршенби, Январь 18, 2017 - 12:15am

Бишкек жана Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн башталгыч мектептердин 24 мугалимдери новатордук окуу жана жазуу ыкмалары боюнча атайын окуудан өтүштү. Сокур жана начар көргөн балдар менен иш алып барууда аталган мугалимдер Брайль системасындагы окутуу жолу (кол менен окуу жана жазуу мүмкүндүгү) менен биргеликте новатордук технологияларды, анын ичинде атайын компьютердик камсыздоо программасын жана смартфондорду колдонуу боюнча жаңы ыкмаларды жана тажрыйбаларды үйрөнүштү.

Ар бир кыргыз тилдүү башталгыч мектеп кыргыз тилиндеги 123 китеп алышат.
Шаршенби, Декабрь 14, 2016 - 1:00am

Бишкек - 12-декабрь Кыргызстандын Улуттук aдабият күнү, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчиси, Шейла Гуолтни бардык мамлекеттик кыргыз тилдүү башталгыч мектептерге 264,000ден ашык китептерди USAID аркылуу таратыларын жарыялады. Ар бир кыргыз тилдүү башталгыч мектептин алгачкы окурмандардын муктаждыктарына негизделген жомоктор, окуялар, табышмактар жана ырлар менен кыргыз тилиндеги 123 китеп алышат. USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору өлкө боюнча 60%га чукул мектептерде иштеп жатат жана 1-4 башталгыч класстардын окуучуларын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу аракетинде. K.

Жаңы туристтик навигация үлгүсүн тапшыруу аземи
Жума, Декабрь 9, 2016 - 3:00am

8-декабрда, Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчисинин орун басары Алан Мельцер КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевга жана Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевге Караколдо жөө саякаттар үчүн орнотулган көчө карталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Ысык-Көлдүн эл аралык деңгээлдеги туристтик ажайып жайларын коноктор оңой таап алыш үчүн, АКШнын өкмөтү USAID аркылуу облус боюнча 46 туристтик жол көрсөткүчтөрдү, анын ичинде төрт картаны орнотуп берди.

АКШ элчиси Гуолтни өнөктөштөр ортосундагы тыгыз кызматташтыктын  мындан ары улануусун колдоорун билдирди
Бейшемби, Декабрь 1, 2016 - 2:45am

АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Саламаттыкты сактоо Министрлиги Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата биргелешкен иш чара өткөрүштү. Бул иш чарада өнөктөштөр СПИДке каршы күрөштө милдетенмелерин дагы бир ирет тастыкташты.

Жаңы шериктештик катына кол коюу аземи
Шаршенби, Ноябрь 23, 2016 - 2:30am

22-ноябрь күнү USAIDдин Агро Горзонт долбоору жана “Оазис Агро” ЖЧКсы (айыл чарба азыктарын өндүрүү менен иштеген компания) Ош жана Жалал-Абадда сүт өндүрүшүнө дем берүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Сүт өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн тараптар инвестицияларды тартышып, жеке сектордун тажрыйбасына таянышат да, бул өз кезегинде кыргыз фермерлеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.

Pages