Эт продукциясынын ири өндүрүүчүлөрүнүн бири «Адал Азык» компаниясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги менен кызматташтыкта Кочкор районунда мал союлуучу жаңы цех ачты. Бул цех Кыргызстанда ачылган эл аралык тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эл аралык стандарттарына жооп берген (НАССР) жана чет өлкөлүк кардарлардын талаптарына ылайык сертификацияланган цехтердин экинчиси болду.
Ишемби күнү, 9-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарынын ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мельцер, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орунбасары Монолдоров Дамир, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев менен биргеликте Каракол шаарындагы жаңы “Ривер парк” сейил багынын расмий ачылыш аземинде катышышты. Аталган паркта коомдук иш чаралар өткөрүлүп, Каракол шаарына келген туристтер жана жергиликтүү тургундар эс алышат. Бул парк АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Каракол шаарында жана Кыргызстан боюнча чет элдик туристтердин санын көбөйтүү аркылуу иш орундарды камсыздоо жана жергиликтүү коомчулуктун кирешелерин көбөйтүү аракетинин алкагында курулду.
“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору аркылуу АКШнын Өкмөтү Кыргызстандагы жергиликтүү ишкана менен биргеликте Ош шаарында атайын тейлөө борборун ачты. Аталган тейлөө борбору Оштун гана эмес, Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча тигүүчү цехтерге компьютердик программа менен камсыздалган кийимдин өлчөмүн автоматтык түрдө ырастап, бычуудан мурда кездемеге түшүрүлчү кийимдин үлгүлөрүн жасоо кызматтарын сунуштайт. Бул демилге кийим тигүүчүлөрдүн убактысын жана каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
14-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Шейла Гуолтни Араван районунда жашылча дүң кампасынын ачылышынын аземине катышты. Бул түштүктөгү миңдеген фермерлерге түздөн-түз пайда алып келүүчү кампанын ачылышы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен жеке ишкер Аваз Абдурахимовдун ортосундагы кызматташуунун натыйжасы болду. Өлкөнүн түштүгүндө ушул сыяктуу эң ири объекттердин бири болгон бул дүң кампа аркылуу жыл сайын болжол менен 24 миң тонна жашылча сорттолуп, тазаланып жана таңгакталып өтөт.
2017-жылдын 10-майынан 24-майына чейин, АКШнын Өкмөтү, USAID аркылуу, Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы менен биргеликте 75 гид үчүн трекинг-турлар боюнча окутуу өткөрдү. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген гиддер кардарларды тейлөө, коопсуздуктун эл аралык стандарттары жана географиялык багыт алуу боюнча даярдык көрүшүп, жакшыртылган билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту. Беш күндүк тренинг өзүнө теориялык сабактарды жана 2300 метр бийиктикте жайгашкан Жыргалаң өрөөнүндө эки күндүк жөө саякатты камтыйт. Бул Кыргызстандагы трекинг-турлар боюнча мындай деңгээлдеги биринчи окутуу болду. Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы иш-чараны мындан ары да улантууну пландаштырууда.
21-апрелде, Бишкек шаарында Курманжан Датка аянтында Дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо учурунда, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу 130 миң китеп берүүнү жарыялады. Ал китептер баштапкы мектеп окуучуларынын окуу жөндөмүн күчөтүүчү USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 80 жаш балдар китепканасына берилет.
Ош шаарында, 10-апрелде шаар тургундарынын кайрылууларын, даттанууларын жана сунуштарын кабыл алуу үчүн OshCity мобилдик тиркемесинин презентациясы болуп өттү. Бул мобилдик тиркеме аркылуу шаар тургундары мэрияга жана 25 муниципалдык шаардык кызматтарына кайрылуусуна мүмкүндүк берет жана анын процессин кыйла жеңилдетет. Андан тышкары, бул тиркеме сүрөттөрдү жүктөөгө, башкалардын кайрылууларын жана мэриянын жаңылыктарын окууга мүмкүндүк берет.
10-апрелде АКШ өкмөтү USAID аркылуу “Манас” эл аралык аэропортунда атайын мигранттар үчүн маалымат терминалдарын орнотту. Бул терминалдар аркылуу жүргүнчүлөр өз укуктарын билип, адам сатууга чалдыкпоо үчүн эмне кылыш керек экенин биле алышат. Иш-чаранын негизги максаты – адам сатууга каршы туруу жана сыртка чыгып жаткан кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо. Чет өлкөдө жашап иштеген болжол менен 700 миңдей кыргызстадык мигранттар үчүн кодулоого туш болуп, адам саткандарга кабылуу тобокелдиги жогору.
8-12-мартта кыргызстандык туроператорлор АКШнын Өкмөтү USAID аркылуу көрсөткөн колдоосу менен Германиянын борборунда жыл сайын өткөрүлүүчү ITB Berlin дүйнөлүк ири туризм жана саякат көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын атынан катышып келди. Көргөзмөдө Кыргызстан делегациясы орноткон чыныгы кыргыз боз үйү көчмөн маданияты менен таанышып, салттуу тамак, суусундуктарын ичип, музыкасын угууну каалаган 10 миңден ашык адамды тосуп алды.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.