Flag of Kyrgyz Republic

Билим берүү

Language: English | Kyrgyz | Russian
USAID Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) өткөрүүнү уюштурууга техникалык көмөк көрсөтөт.
USAID Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) өткөрүүнү уюштурууга техникалык көмөк көрсөтөт.
ЦООМО / USAID/Kyrgyz Repbulic
 
Кыргызстан жарандардын билим алуу муктаждыгын канааттандырууда бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатат. Совет доорунда Борбор Азия республикалары билим берүү тармагында жакшы ийгиликтерге жетишкен, жаш курагы чоң адамдар дээрлик жалпы билимдүү болуп, орто мектепти бүтүрүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрү жогору болгон, мектеп окуучулары менен студенттер математика жана башка так илимдер боюнча мыкты жетишкендиктерге жетишип, балдарды мектепте билим берүү  менен камсыз кылуу деңгээли жогору болгон. 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин анын билим берүү системасындагы бир катар өзгөрүүлөр ири финансылык ресурстарды жоготууга алып келди. Андан аркы саясий өзгөрүүлөрдөн, билим берүү системасы окутуу практикасынын мазмунун жана структурасын кармап турууга, окуу программалары менен баа берүү ыкмаларын иштеп чыгууну колдоого байланышкан кыйынчылыктарга туш болду. Мезгил өзгөрүп, билим берүү системасы заман талаптары менен бирге өзгөрүүгө жетишпей калды.

2002-жылдан тартып USAID Кыргыз Республикасы менен баштапкы жана жогорку билим берүү тармагында кызматташып келе жатат. Бул колдоо улуттук билим берүү программасынын системалык проблемаларын чечүүгө багытталган. USAID мугалимдерди даярдоону жакшыртуу боюнча жалпы республикалык программалардан баштап, алардын квалификациясын жогорулатуучу мекемелер тармагын өнүктүрүүгө чейинки билим берүүдөгү ийгиликтүү реформаларды колдоп келе жатты.

USAID Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка Университетин аймактагы интеллектуалдык борборго айлантуу үчүн жардам берүүнү улантып жатат. Ошондой эле педагогикалык институттарга жана билим берүү системасындагы финансылык реформаларды жүргүзүүдө USAID маанилүү ролду ойнойт. Мындан сырткары, USAID математика, тилдер жана тарых боюнча заманбап окуу программаларын иштеп чыгууга жардам берет жана Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) өткөрүүнү уюштурууга техникалык көмөк көрсөтөт. USAID менен Билим берүү жана илим министрлигинин  кызматташтыгынын аркасында бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү өз билим деңгээлине жараша жогорку билим алууга тең жана акыйкат мүмкүнчүлүккө ээ болушат. 2012-жылдан баштап, мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларына тапшырууну каалагандарга, Жалпы республикалык тест милдеттүү болуп калды.

Азыркы учурда USAID Кыргызстандагы баштапкы билим берүүчү мектептерде окуучулардын китеп окуу жөндөмүн өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырып, балдардын мындан аркы өмүр бою билим алуусуна пайдубал курууга көмөк көрсөтүүдө. Бул долбоор Кыргызстан боюнча мектептердин 60% камтып, Кыргыз Республикасында 2012-2020-жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашып жатат.

Билим берүү жаатындагы USAIDдин долбоорлору:

Жабылган долбоорлор:

  • Проект АУЦА «Вперед» (сентябрь 2010 - октябрь 2015)
  • Программа студенческого кредитования (2009-2012)
  • Программа повышения качества обучения в школе «Сапаттуу билим» (2007-2012)