USAID долбоору башталгыч мектеп окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшырткандыгын изилдөө көрсөттү

Изилдөөлөр, ошондой эле окуучунун үйдөгү айлана-чөйрөсүн дагы эске алган.
Изилдөөлөр, ошондой эле окуучунун үйдөгү айлана-чөйрөсүн дагы эске алган.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Жекшемби, Январь 22, 2017

Бишкек, Кыргызстан – 17-январь күнү адистерге сунушталган USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунун изилдөөсүнө ылайык, долбоорго катышкан башталгыч класстардын окуучулары, окуу көндүмдөрүн бир кыйла жакшырткандыгын көрсөттү. Долбоордун алкагында окуудан өткөн мугалимдердин натыйжалуу окутуу ыкмаларын колдонуусу көбөйгөндүгүн, жана ата-энелер балдары менен чогу китеп окууга көбүрөөк убакыт бөлө баштагандыгын көрсөттү.

Аталган изилдөө, долбоордун максаттуу мектептеринде жана ошондой эле долбоор жардамын көргөзө элек мектептеринде 1-класстан 4-класска чейинки башталгыч мектеп окуучуларынын окуу көндүмдөрү боюнча изилдөөсүн ишке ашырды.

Изилдөөнүн натыйжалары, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Бирге окуйбуз»  долбоору, окуучулардын окуу көндүмдөрүнө жакшы таасир бергенин көрсөттү. Мисалы, экинчи класста тексти угуп жана окуп түшүнүү орточо 10 пайызга өскөн. Мындан тышкары, долбоордун алкагында атайын окуудан өтүп, окутуунун натыйжалуу ыкмаларын жана билимдерин эффективдүү колдонгон мугалимдердин саны эки эсеге жогорулаган.

Изилдөөлөр, ошондой эле окуучунун үйдөгү айлана-чөйрөсүн дагы эске алган. 2014-жылга салыштырмалуу, ата-энелер, азыр үй шартында балдары менен бирге китеп окууга көбүрөөк убакыт сарпташууда. Долбоордун жардамы менен, көпчүлүк ата-энелер окуу көндүмдөрү алардын балдарынын келечектеги ийгилиги үчүн маанилүү экенин түшүнүүдө.

Изилдөөнүн жыйынтыктары окуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган саясатты аныктаган адистер, мектеп жетекчилер, ата-энелер жана мугалимдер тарабынан өлкө боюнча колдонулат.

Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору жаңы окуу стандарттарын иштеп чыгуу, мугалимдерди окутуу, башталгыч класстардын окуучуларынын сабаттуулугун аныктоодо, ошондой эле коомдук иш-чараларды уюштуруу жана китеп окууну жайылтуу боюнча биргеликте иш алып барат.