USAID Кыргызстандын түштүгүндөгү дйыйкандар үчүн сатуу рынокторун кеңейтүүдө

Бул дүң кампа аркылуу жыл сайын болжол менен 24 миң тонна жашылча сорттолуп, тазаланып жана таңгакталып өтөт.
Бул дүң кампа аркылуу жыл сайын болжол менен 24 миң тонна жашылча сорттолуп, тазаланып жана таңгакталып өтөт.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, Июнь 15, 2017

14-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Шейла Гуолтни Араван районунда жашылча дүң кампасынын ачылышынын аземине катышты. Бул түштүктөгү миңдеген фермерлерге түздөн-түз пайда алып келүүчү кампанын ачылышы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен жеке ишкер Аваз Абдурахимовдун ортосундагы кызматташуунун натыйжасы болду. Өлкөнүн түштүгүндө ушул сыяктуу эң ири объекттердин бири болгон бул дүң кампа аркылуу жыл сайын болжол менен 24 миң тонна жашылча сорттолуп, тазаланып жана таңгакталып өтөт.

Аваз Абдурахимовдун кампасы Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун фермерлери үчүн кошумча киреше алуу жана сатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Дүң кампасы иштеген алгачкы жылы Кыргызстандын жана Казакстандын чекене-соода түйүндөрүнө 18 миң тоннага чейин картошка жана 6 миң тоннага чейин пияз жеткирилээри күтүлүүдө. Андан тышкары кампанын жетекчилиги жашылчаларды Тажикстанга жана Өзбекстанга дүң жеткирүүнү жолго салууну пландаштырууда.

Өзүнүн сөзүндө Элчи Гуолтни ушул борбордун негизги максаты жаңы жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү дыйкандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү экендигин белгилеп кетти. “Эми ушул аймакта өстүрүлүүчү жашылчалар ички жана тышкы жаңы рынокторго жеткирилишине мүмкүнчүлүк пайда болду”, - деди Элчи айым.