USAID Кыргызстандын жеке сектору менен биргеликте эт продукциясы үчүн экспорттук рынокту кеңейтүүдө  

USAID бул долбоорго өндүрүштүк линияны сатып алууга каржы бөлүп берип, “Адал Азык” компаниясына жана жергиликтүү фермерлерге техникалык көмөк көрсөтүү аркылуу салым кошту.
USAID бул долбоорго өндүрүштүк линияны сатып алууга каржы бөлүп берип, “Адал Азык” компаниясына жана жергиликтүү фермерлерге техникалык көмөк көрсөтүү аркылуу салым кошту.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Дүйшөмбү, Сентябрь 18, 2017

Эт продукциясынын ири өндүрүүчүлөрүнүн бири «Адал Азык» компаниясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги менен кызматташтыкта Кочкор районунда мал союлуучу жаңы цех ачты. Бул цех Кыргызстанда ачылган эл аралык тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эл аралык стандарттарына жооп берген (НАССР) жана чет өлкөлүк кардарлардын талаптарына ылайык сертификацияланган цехтердин экинчиси болду.

USAID Миссиясынын  экономикалык өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн директору Луис Эрнандез мырзанын айтуусу боюнча, жаңы ишкана жаңы жумуш орундарын гана түзбөстөн, жергиликтүү фермерлерден мал сатып алуучу ири коммерциялык кардарлардын бири катары кызмат кылат. Бул өндүрүмдүүлүк кубаттуулугу жылына 10 миңд ашык мал союууга жараган ишкана, 1,5 миңден ашык фермердин кирешесин көбөйтүүсүнө көмөктөшөөрү күтүлөт.

USAID бул долбоорго өндүрүштүк линияны сатып алууга каржы бөлүп берип, “Адал Азык” компаниясына жана жергиликтүү фермерлерге техникалык көмөк көрсөтүү аркылуу салым кошту. USAID тарабынан көрсөтүлгөн жардам менен эксперттик колдоонун натыйжасында, союлуучу цехке түшкөн малдын сапаты жана компаниянын өндүрүш процесстери эл аралык стандарттарга жооп бере баштады, ал эми Кыргызстандын эт продукциясына жаңы рынокторго жаңы жолдор ачылды.

USAID Кыргызстан боюнча 55тен ашык жеке агроишканалар менен кызматташып, алар үчүн рынокторду кеңейтүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, фермерлерди жана өндүрүүчүлөрдүн кирешесин көбөйтүү боюнча көмөк көрсөтүп келүүдө. Бул өнөктөштүктөр Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын миңдеген фермерлеринин пайдасына иш алып баруу максатында жергиликтүү жеке булактардан 22,5 миллион АКШ долларына барабар инвестиция тартып келди.