Түркиядагы туристтик көргөзмөдө Кыргызстан өзгөчө стенд үчүн сыйланды

Кыргызстандын стендине төрт күн ичинде 14 миңден көп адам келди
Кыргызстандын стендине төрт күн ичинде 14 миңден көп адам келди
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Жума, Февраль 10, 2017

26-29-январда, Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын жети туроператору Стамбул шаарында өткөн Eastern Mediterranean Travel and Tourism (EMITT) туристтик көргөзмөсүнө катышышты. Ошондой эле, Кыргызстанга чет өлкөлүк туроператорлордун, туристтик блогерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыгуусун арттыруу максатында, USAID түркиялык “Gezimanya” аттуу туристтик жана медиа-компания менен бирге көргөзмөдө бир нече жарнамалык иш-чараларды уюштурду. Натыйжада, кыргызстандык туроператорлор 2017-жылкы жайкы сезонго карата 42 потенциалдуу келишимдердин  шарттарын талкуулашты.

Түркиянын эң ири туристтик көргөзмөсүнө 80 өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын стендине төрт күн ичинде 14 миңден көп адам келип, чыныгы боз үй көрүп, тамак жана музыкадан рахат алып кетишти. Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн маданиятын чагылдырган уникалдуу стендинин дизайны үчүн “Эң оригиналдуу стенд” деген сыйлык алды.

Кыргызстандын көргөзмө стендинин коноктору боорсок жана кымыздан даам татышып, комуз күүлөрүн угуп жатышты. Андан тышкары, коноктор кыргыз улуттук кийимдерин кийип сүрөткө түшүп, Кыргызстанга эки кишиге бекер барып келүү мүмкүнчүлүгүн викторина аркылуу утуш үчүн өз сүрөттөрүн Интернетке жүктөштү. Келгендер Кыргызстандын кооз тоолуу пейзаждарын көрсөткөн 3D видео-турларды көрүштү.

EMITT туристтик көргөзмөсүнө катышуу – Кыргыз Республикасы менен Түркиянын маданий жана тарыхый байланыштарынын негизинде Түркия туристтерин тартуу боюнча USAIDдин иш-аракеттеринин бири. Соңку изилдөө түрк туристтердин Кыргызстанга болгон  кызыкчылыгы өскөнүн көрсөттү, жана EMITT көргөзмөсүнүн “Эң оригиналдуу стенд” сыйлыгы түрк туристтердин арасында Кыргызстанды туристтик багыт катары жайылтууга жардам берет.