Flag of Kyrgyz Republic

Биздин ишмердүүлүк

Language: English | Kyrgyz | Russian
Children discussing
Passport to Success training. USAID Jasa.kg program aims to catalyze a generation of youth to actively engage in building a stable, prosperous, and democratic Kyrgyz Republic.

Кыргыз Республикасы  деңизге чыкпаган, чакан, тоолуу өлкө. Калкынын үчтөн бирге жакыны жакырчылыкта жашап, Борбор Азияда жакырчылык боюнча экинчи орунда турат. USAID экономикалык өнүгүү, малекеттик башкарууну күчөтүү, саламаттыкты сактоо менен билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында өкмөт, жарандык коом жана жеке менчик сектору менен кызматташат.

ДЕМОКРАТИЯ, АДАМ УКУГУН КОРГОО ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

USAID өлкөдө мыйзамдуулукту жана адам укугун урматоону терең сиңдирүү, жана башкаруу институттарынын, анын ичинде парламенттин, сот системасынын жана негизги министрликтерди, күчөтүү аркылуу парламенттик демократияны чыңдоо үчүн иштейт. USAID өкмөттүн, жеке менчик жана жарандык коомдун шериктештигин, айрыкча эдвокаси, саясат иштеп чыгуу жана мамлекеттин элге кызмат көрсөтүү жаатында шериктештигин колдойт. Биздин массалык маалымат каражаттарына көрсөткөн колдообуз, өлкөнүн Борбор Азиядагы  сөз эркиндиги боюнча эң алдыңкы болушуна салымын кошот.

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖАНА СООДА

Кыргыз Республикасына демократиялык башкаруу системасынын натыйжалуулугун көрсөтүү үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши маанилүү. Өлкөнүн жакыр аймактарына өзгөчө көңүл буруп, USAID экономиканын перспективдүү секторлорунун өнүгүшүнө импульс берүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, майда чарбалардын кирешесин өстүрүү, өсүп жаткан талаптарга ылайык энергетика секторун реформалоо үчүн мамлекеттик жана жеке менчик секторлор менен кызматташып келет. USAIDдин Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнө укуктук реформаларды жүргүзүүдө көрсөткөн колдоосу өлкөнүн Дүйнөлүк банктын Doing Business рейтингинде ордун жакшыртууга көмөк болду – кирешеси ортодон төмөнүрөөк деген категориядагы 51 өлкөнүн арасында алдыңкы бешөнүн арасына чыкты.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ

USAID Саламаттык сактоо министрлиги менен диагностика, дарылоо жана камкордук сапатын жакшыртуу, аярлуу топторду көңүл бөлүп, колдоо көрсөтүү, медкызматкерлерди машыктыруу жана саясат иштеп чыгуу аркылуу ВИЧ/СПИД, туберкулез ооруларынын таралышын алдын алуу маселелеринде кызматташып келет.

Билим берүү тармагында USAIDдин ишмердүүлүгү өлкө боюнча мектептердин 60%ында баштапкы класс окуучулардын окуу жөндөмүн жакшыртууга жана кирүүэкзамендериндеги коррупцияны болтурбоо жолу менен жогорку окууга жол ачууга багытталган.

USAIDдин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалыматты жүктөп алыңыз: