Flag of Kyrgyz Republic

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо

Language: English | Kyrgyz | Russian
Кургак учук менен күрөштө биринчи кадам - аны аныктоо
Кургак учук менен күрөштө биринчи кадам - аны аныктоо
Elena Bayalinova / USAID/ Kyrgyz Republic

Кыргызстанда туберкулез дартынын таралышы Борбор Азия боюнча эң көптөрдүн бири бойдон калууда. Андан тышкары, анын мультирезистенттүү формасына (көп дарыларга туруктуу – КДТ - туберкулез таякчалары) чалдыккандардын саны өсүүдө. Туберкулез жана КДТ ТБ республиканын саламаттык сактоо системасына эле эмес, экономикалык өнүгүүсүнө да олуттуу коркунуч туудуруп жатат.

Азыркы учурда элдин 1% дан азыраагы ВИЧ инфекциясына чалдыккандар, бирок бул дартты жугузуп алгандардын саны негизинен ийне менен сайынып, наркотик колдонгондордун эсебинен өсүүдө. Эне менен баланын өлүмү да бир кыйла азайгандыгына карабастан регион  боюнча Кыргызстанда жогору деңгээлде бойдон калууда.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташ болуп, USAID саламаттыкты сактоону өркүндөтүү багытында, негизги медициналык тейлөө, аны пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү системаларын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. АКШ өкмөтүнүн программалары туберкулез жана ВИЧ дартынын жайылышын жана бул ооруларды жугузуп алууну алдын алуу боюнча негизги тейлөөгө жол ачууга багытталган.

USAID туберкулез дартынын алдын алуу, оорукчандарды дарылоо жана багуу боюнча тейлөө иш-чараларын жакшыртуу, КДТ ТБга каршы күрөшүүдө мекемелердин дараметин жогорулатуу, бул дартты аныктоо системасын жакшыртуу жана инфекциялык текшерүү иштерин күчөтүү боюнча иш чараларды колдойт. Ушуну менен катар, USAID саламаттык сактоо мекемелеринин жооптуу кызматкерлери менен бирдикте пациенттин абалын жакшыртууга багытталган дарылоо методдорун пайдаланууну кеңейтүүнүн үстүндө да иштеп жатат. Агенттик медициналык мекемелерге, коомчулукка жана пациенттерге туберкулез дартын, анын катарында, КДТ ТБны дарылоонун абдан маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө жана мындай дарылоо иштерин уюштурууга жардам берип жатат.

ВИЧти жайылуусун токтотуу боюнча USAID ВИЧ/СПИД инфекциясын жугузуп алуу коркунучу күч болгон элдин катмарына комплекстүү алдын алуу жана дарылоо иштери кол жетимдүү болушун камсыз кылып жатат. Ошондой эле стигма жана дискриминация сыяктуу тоскоолдуктар менен да күрөш жүргүзүүдө, анткени ушул себептерден да көбү маалыматсыз калтып, дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок бойдон калышат. USAID оору коркунучу күч топторго сапаттуу тейлөө көрсөтүү боюнча пландоо, тейлөө жана ага мониторинг жүргүзүү иштеринде жалпы республикалык жана жергиликтүү мекемелердин, бейөкмөт уюмдар менен жеке адамдардын потенциалын жогорулатуунун үстүндө да иштеп жатат.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы USAIDдин долбоорлору:

ЖАБЫЛГАН ДОЛБООРЛОР: