Flag of Kyrgyz Republic

Айыл Чарба Жана Азык-түлүк Коопсуздугу

Language: English | Kyrgyz | Russian
USAID өлкөнүн түштүгүндөгү майда дыйкандарга кирешесин көбөйтүүгө жардам берет
USAID өлкөнүн түштүгүндөгү майда дыйкандарга кирешесин көбөйтүүгө жардам берет
USAID/Kyrgyz Republic

Ички дүң продукциясынын 20% түзүп, жумушка жарактуу калктын 40%ын жумуш менен камсыз кылган айыл-чарба сектору Кыргыз Республикасынын экономикасынын чоң бөлүгү. Өндүрүмдүүлүктүн өсүшүнүн жайлап кетиши айыл жерлерде жакырчылыктын кыскарышына жана тамак-аш коопсуздугуна тоскоол болуп келет. Айыл-чарбада колдонгон жерлердин көбү деградацияга учурап, дыйкандардын сууну башкаруу жөндөмдөрү өндүрүмдүн өсүшүн чектеп жатат. Бул факторлор айыл жерлерде жумушсуздуктун өсүшүнө салым кошту. Мындан улам, Россия жана Казахстанга миграция күч алды.

Андан тышкары, үй-бүлөлөрдүн тамак-ашы начарлап, туура тамактануу боюнча да түйшүктөр пайда болуп жатат. Мисалы, тамак-аштын начарлыгынан, көбүнчө айыл-чарба менен жан баккан түштүк аймактарда өсүшү начарлаган жаш балдардын саны 20% түзүп, ал эми Бишкекте болсо 18.6% түздү.

Буларга каршы туруу максатында, USAID Кыргыз Республикасында узак мөөнөттөгү тамак-аш коопсуздугунун системасын жана анын негиздерин жакшыртууну жана дыйкандардын кирешесин көбөйтүүнү көздөйт. USAID өлкөнүн түштүгүндөгү майда дыйкандарга адистик кеңеш аркылуу жана аларга эң керектүү болгон мал багуу жана өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жардам берет. Андан тышкары, USAID Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүдө көмөктөшүп, инвестицияны күчөтүүгө жана кыргызстандык айыл-чарба продукциясын экспорттоого көмөк көрсөтөт.

Айыл-чарба жана тамак-аш коопсуздугу боюнча долбоорлор: 

Жабылган долбоорлор: