Оштун тигүүчү цехтери үчүн жаңы лекало жасоочу жабдууга жол ачылды

Жаңы борбор Кыргызстандын түштүк аймагындагы кымбат санарип жабдуу сатып ала албаган чакан тигүүчү цехтерди тейлейт.
Жаңы борбор Кыргызстандын түштүк аймагындагы кымбат санарип жабдуу сатып ала албаган чакан тигүүчү цехтерди тейлейт.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, Июнь 15, 2017

Ош - “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору аркылуу АКШнын Өкмөтү Кыргызстандагы жергиликтүү ишкана менен биргеликте Ош шаарында атайын тейлөө борборун ачты. Аталган тейлөө борбору Оштун гана эмес, Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча тигүүчү цехтерге компьютердик программа менен камсыздалган кийимдин өлчөмүн автоматтык түрдө ырастап, бычуудан мурда кездемеге түшүрүлчү кийимдин үлгүлөрүн жасоо кызматтарын сунуштайт. Бул демилге кийим тигүүчүлөрдүн убактысын жана каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жаңы тейлөө борбору Кыргызстандын түштүк аймагындагы ири тигүүчү ишканалардын бири “Дастан” ишканасы менен биргеликте түзүлдү. 15-июнда өткөн борбордун ачылыш аземине АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни катышты. Элчи Гуолтни тигүү өндүрүшүнүн атаандаштык артыкчылыгын күчөтүү үчүн, чакан цехтерге кийимдин үлгүлөрүн жасоо боюнча арзан жана ишеничтүү кызматтарды көрсөтүү абдан маанилүү экенин баса белгилеп кетти.

Жаңы борбор Кыргызстандын түштүк аймагындагы кымбат санарип жабдуу сатып ала албаган чакан тигүүчү цехтерди тейлейт. “Дастан” ишканасы сунуштаган заманбап жабдуу мурда колдонулуп келген колдо даярдоо ыкмаларынан кыйла эффективдүү.

Жылдын башында, “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору ушуга окошош борборду Бишкектин чакан цехтери үчүн ачты эле.