Flag of Kyrgyz Republic

Кризис жана чыр-чатак шартындагы иштер

Language: English | Kyrgyz | Russian
Женщина угощает боорсоками и лепешкой. Мешок муки с логотипом USAID лежит рядом.
Программа продовольственной помощи USAID позволила удовлетворить потребности более 700 тыс. Человек с 2006 года, обеспечив их жизненно важными продуктами, такими как мука, фасоль, растительное масло.
Государственный департамент США

Өзүнүн жыйырма жылдык көз каранды эместик мезгилинде Кыргызстан бир нече жолу катуу чыр-чатактарды башынан өткөрдү. Ар топтордун арасында азгантай ресурстар үчүн күрөш, мыйзамдын үстөмдүгүн сактабоо, коррупция сыяктуу түрдүү факторлордон улам, Кыргызстанда чечилбеген маселелер дагы эле көп, булар кайра дагы чыр-чатактын жаңырышына алып келиши мүмкүн.

USAIDдин программалары ушундай башкы маселелерди чечүүгө багытталган. Алар анализ жана эртелеп алдын алуу системаларын колдойт жана ортомчулук (элчилик) ишмердүүлүгүн да камтыйт. Мындан сырткары, USAID чыр-чатакта жапа чеккен жамааттардын ортосундагы мамилелерди кайрадан курчутпай, жакындатууга көмөктөшөт. Бул иш-чараларга жапа чеккен жаматтардагы жаштар менен иш алып баруу, мүмкүн болуучу кыянатчылык менен зомбулуктун алдын алууга жана тынчтыкты калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн калыптандырууга жардам берүү кирет.

  • 2006-жылдан баштап, Азык-түлүктөн жардам берүү боюнча Эл аралык шериктештик программасынын (IFRP) алкагында 23 милллион азык-түлүк шыбагасы бөлүнүп, 2008-жылдагы жер титирөөдөн жапа чеккен Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү үй-бүлөлөргө бир миллион өлчөмүндөгү азык-түлүк шыбага таркатылган. Азык-түлүктөн жардам берүү боюнча Эл аралык шериктештик программасы 2014-жылдын ичинде эле Кыргыз Республикасынын 69 социалдык жана дарылоо мекемелерине азык-түлүк жөнөткөн.  
  • “Тынчтык үчүн аялдар демилгеси” долбоорунун алкагында аялдардын демилгелүү топторунун 160 мүчөсү жамааттардын муктаждыгын аныктоо, жамааттык деңгээлде долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу боюнча окутуудан өткөн.
  • 400дөн ашуун жергиликтүү жашоочулар чыр-чатактарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча базалык билим алышып, көндүмдөргө ээ болгон. Демилгелүү аялдар топтору жергиликтүү жамаат өкүлдөрүнөн 413 долбоор кайрылуу кагаздарын алышкан. Алардын арасынан 130дан ашуун долбоорго колдоо көрсөтүлүп, каржыланган. Ар бир долбоордун бюджети 500 дөн 900 АКШ доллары өлчөмүндө болгон. 600 дөн ашуун аялдар ушул долбоорлорду ишке ашырууга тартылган.
  • 2010-жылдын июнь айында USAID Ош менен Жалал-Абад облустарында зомбулук жанданышына дароо жооп берип, толуп кеткен ооруканаларга тез жардам топтомдорун жөнөткөн. USAID 532 400 адамга жардам берген, булар, негизинен, аргасыздан качкан ички мигранттар эле, аларга психологиялык кеп-кеңеш, алгачкы тез жардам жана орруканадагы тейлөө уюштурулган, ошондой эле тамак-аш менен камсыздалган.
  • ​2010-жылдын июнь айында USAID чыр-чатактан улам жапа чеккен 5100 балага 33 жай камдап берген. Аялдар үчүн 33 топ уюштурлуп, ал топтордо аялдар дем алышкан, окушкан жана психологдордон жардам алышкан. Бул иш-чараларга болжол менен 2 миң аял катышкан.
  • USAID ошондой эле 2200 медициналык кызматкерди балдардын респиратордук жугуштуу орруларына, өпкөсүнөн сезгенген ооруларына тез арада жардам көрсөтүү, аялдар менен балдарга сиңимдүү микроэлементтердин жетишсиздигин алдын алуу боюнча окуудан өткөргөн. Андан сырткары, бул медициналык кызматкерлер медициналык жардам көрсөтүү боюнча топтомдорду алышкан жана көп улуттуу чөйрөдө иштөөдө өз потенциалдарын жогорулатып, чыр-чатактарды чечүү боюнча даярдыктан өтүшкөн.
  • 2010-жылы USAID Ош менен Жалал-Абадда иштеген чакан ишкерлерге 547 грант бөлгөн жана бизнесин калыбына келтирип, бүлүнүп-талкаланып, уурдалып кеткен мүлкүн, жабдуулары менен куралдарын сатып алууга жана ордуна келтирүүгө жардамдашкан. Болжол менен 300 дөй чакан ишмерлик менен алектенген аялдар грант алышкан, бул грант алуучулардын жалпы санынын 55% дан ашыгын түзөт. Гранттардын жардамы менен 4100 дөн ашуун ишкерлер жана алардын үй-бүлөсү жашоо үчүн каражат табууга мүмкүнчүлүк алышкан.

USAIDдин чыр-чатактарды алдын алуу боюнча жана кризис убагындагы долбоорлору: