Жаңы жол көрсөткүчтөр жана көчө карталар Ысык-Көлдөгү туризмди жакшыртат

Жаңы туристтик навигация үлгүсүн тапшыруу аземи
Жаңы туристтик навигация үлгүсүн тапшыруу аземи
USAID / Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Жума, Декабрь 9, 2016

8-декабрда, Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчисинин орун басары Алан Мельцер КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевга жана Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевге Караколдо жөө саякаттар үчүн орнотулган көчө карталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Ысык-Көлдүн эл аралык деңгээлдеги туристтик ажайып жайларын коноктор оңой таап алыш үчүн, АКШнын өкмөтү USAID аркылуу облус боюнча 46 туристтик жол көрсөткүчтөрдү, анын ичинде төрт картаны орнотуп берди.

Бул жол көрсөткүчтөр туристтерге Ысык-Көл облусунда жана Каракол шаарында жол табууга жардам беришет. Алар конокторго базарлар, музейлер, жана Чолпон-Атанын жанындагы байыркы петроглифтер, Жети-Өгүз капчыгайы, ошондой эле Каракол шаарындагы тарыхый Дунган мечити жана Православ чиркөөсү сыяктуу белгилүү ажайып жайларга жол  көрсөтүшөт.

Күрөң жол көрсөткүчтөр, келбети боюнча парктар жана эс алуу жайлары үчүн дүйнөдө таанылган түс жана форматына туура келет, жана түн ичинде автоунаа айдоочулары үчүн жакшы көрүнөт.

“USAIDдин бизнести өнүктүрүү боюнча демилгеси” регион үчүн өтө пайдалуу программаларды ишке ашырып жатат; ал эми туристтик жол көрсөткүчтөр – бул Каракол шаары жана Ысык-Көл облусу үчүн эң керек жана кооз долбоор болду”, - деп облус башчысы Асхат Акибаев белгилеп кетти.

Бул жол көрсөткүчтөрдү орнотуп берген “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору Кыргыз Республикасынын экономикасынын маанилүү тармактарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келет. USAID Ысык-Көл облусунда Жыргалаң өрөөнүндө тоо-лыжа жана жөө туризмин өнүктүрүүдө, ошондой эле Каракол дарыясын бойлото эс алуу паркын курууда колдоо көрсөтөт.

Алан Мельцер, Каракол шаарына өзүнүн иш сапары убагында, Кыргыз Республикасында  туризмди өнүктүрүүнүн  маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Туризм – Кыргыз Республикасындагы экономикалык өсүштүн күчтүү фактору болуп саналат, жана биз бул өлкөнүн кооз пейзаждары, меймандостугу жана бай маданияты менен ыракаттануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн туристтердин көбүрөөк санын тартуу максатында жергиликтүү жамааттар, туристтик агенттиктер, жеке сектор жана жергиликтүү лидерлер менен активдүү иштейбиз”, - деди элчи орун басары.