Жаңы шериктештик Кыргызстандын түштүгүндө сүт өндүрүшүнө дем берет

Жаңы шериктештик катына кол коюу аземи
Жаңы шериктештик катына кол коюу аземи
USAID / Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, Ноябрь 23, 2016

БИШКЕК – 22-ноябрь күнү USAIDдин Агро Горзонт долбоору жана “Оазис Агро” ЖЧКсы (айыл чарба азыктарын өндүрүү менен иштеген компания) Ош жана Жалал-Абадда сүт өндүрүшүнө дем берүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Сүт өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн тараптар инвестицияларды тартышып, жеке сектордун тажрыйбасына таянышат да, бул өз кезегинде кыргыз фермерлеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.

Аталган кызматташуунун алкагында, АКШ өкмөтү USAID аркылуу жана “Оазис Агро” компаниясы биргелешип, тоюттарды изилдөө үчүн лаборатория жабдыйт, сыйымдуулугу 2 миң тонналык кампа курат жана кошмо тоюттарды өндүрүү, сүт иштетип чыгаруу жана быштак өндүрүү үчүн жабдууларды орнотот. “Оазис Агро” компаниясынын жаңы иштин башталышына болгон жалпы салымы 590 776 АКШ долларына бааланууда. Жогоруда аталып кеткен жабдуулар жана орунжайлар фермерлердин кыйла жогорку сапаттагы тоюттарга жетүүсүн камсыз кылат. Мында 2018-жылдын аягына карата фермер чарбаларынын өндүрүмдүүлүгү жана сүт сатуу көлөмү 700 000 АКШ долларына чейин өсөөрү күтүлүүдө.

«USAID жана “Оазис Агро” компаниясы долбоорду ишке ашыруу максатында тартып жаткан жаткан жаңы технологиялардын жана тажрыйбанын аркасынан Кыргыз Республикасынын түштүк региондорунда, айрыкча кыш мезгилинде өндүрүлүүчү сүт азыгынын сапаты жана көлөмү жогорулайт. Эң негизгиси – долбоор ага катышкан 2 миңден ашык фермердин жашоо-турмушун жакшыртып, кирешесин көбөйтөт», - деди меморандумга кол коюуу аземинде АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни айым.

Мал чарбачылыгынын салымы Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясында бүтүндөй айыл чарба өндүрүшүнүн дээрлик 50% үлүшүн түзөт. Фермерлерди бир топ жогорку сапаттагы тоюттар менен камсыздоо жана аларды мал багуунун кыйла прогрессивдүү ыкмаларына окутуу аркылуу мал чарбачылыгынын сүт азыктарын, этти, жумуртканы, ошондой эле тирүү жандыкты өндүрүү сыяктуу айрым секторлорундагы кырдаалды кыйла жакшыртууга болот. Андан тышкары, тоюттардын ингредиенттерин өндүрүү, анын ичинде пайдалуу товардык өсүмдүк болуп саналган жана тармактын өнүгүшүнө жараша суроо-талап өсүүчү жүгөрүнүн, соянын жана тоют өсүмдүктөрүнүн өндүрүшүн өнүктүрүү кыргыз фермерлерине чоң пайда алып келет.

Кол коюу аземине катышкан Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков министрликтин негизги масаттарынын бири жакшы тоют чыгарылшын камсыз кылуу экенин белгилеп кетти. “Ушул жаатта министрлик менен USAID Агро Горизонт долбоорунун максаттары дал келет. Ошондуктан, Экономика министрлиги бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына тилектеш,” – деди Алмаз Сазбаков.

Бул өнөктөштүк өндүрүмдүүлүктү жогорулатуунун, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык рыноктордун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн эсебинен чакан фермердик чарбаларынын кирешесин жогорулатууга багытталган төрт жылдык USAID Агро горизонт долбоорунун алкагында уюштурулду.

***

Долбоор жөнүндө кыска видео.