Flag of Kyrgyz Republic

Демократия, адам укугу жана башкаруу

Language: English | Kyrgyz | Russian
USAID, through the International Foundation for Electoral Systems, sponsoring the Summer School of Democracy for school students
USAID, through the International Foundation for Electoral Systems, has been sponsoring the Summer School of Democracy for high school students of Kyrgyzstan since 2000, promoting civic education and youth leadership.
IFES

USAID Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана калкы менен кызматташтыкта болуп, инклюзивдүү жана отчеттуу демократиялык жараяндарды жана мамлекеттик саясатты, өлкөнүн гүлдөп өсүшү жана ак ниет башкаруу үчүн тейлөөнү өркүндөтүү иш-чараларын колдойт.

1990-жылдардан тартып USAID Кыргыз Республикасынын советтик өлкөдөн көз каранды эмес демократиялык мамлекетке өтүшүн колдоп келе жатат. Ушул мезгилдин аралыгында

өлкө акыры эки революция менен аяктаган (2005- жана 2010-жылдар) эки авторитардык башкаруу мезгилин башынан өткөрдү. Бүгүнкү күндө өлкөдө башкаруунун парламенттик системасы орноду жана башкаруу системасынын ачык- айкындыгын, жоопкерчиликтүү мамилесин камсыз кылууга күч-аракет жумшалып жатат. USAID Кыргыз Республикасынын жарандык коомуна берилген жардамчы катары  чыгып, демократиялык институттарды, адам укугун жана чынчыл шайлоо системасын коргоону жактаган өлкөнүн өкмөтүндөгү реформаторлорго жардам көрсөтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык коому жана эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта болгон USAID саясий жараяндардын отчеттуулугун, инклюзивдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртуу менен калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат. 2010-жылдагы революциядан кийин жаңы шайланган Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы өтө электе эле  парламентке колдоо көрсөтүү башталган. Бул колдоо мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, комитеттердин ишин колдоо, массалык маалымат каражаттары менен иштешүүгө жардамдашуу, жана ошондой эле парламенттин кадр потенциалын өркүндөтүү менен башкарууну жакшыртуу иш-чараларын камтыйт.

Мыйзамдын үстөмдүгүн жактоо принцибин кармануу өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү менен стабилдүүлүгү үчүн чоң мааниге ээ. Биз Кыргыз Республикасындагы коррупцияны кыскартууга жана процесстин бардык катышуучулары үчүн обьективдүүлүктүн үстөм болушун жогорулатууга багыт алган Сот системасынын реформасын колдойбуз. Бул иш-чара сотторду акыйкат, ачык тандап алууну жана соттордун чечимине коомчулуктун колу жетимдүү болушун камсыз кылууну камтыйт.  

USAID ошондой эле адам укугун бузууга жана укук коргоо иштерине бөгөт болууга  мониторинг жүргүзгөн уюмдарды колдоого алат.

Мындан сырткары, USAID жигердүүлүк менен өсүп бара жаткан массалык маалымат каражаттар секторуна да алгылыктуу колдоо көрсөтөт, муну менен жарандардын ишенимдүү жана ар кыл мүнөздөгү маалыматтарга колу жетимдүү болушун  камсыз кылууга жардам берет.

USAIDдин демократия, адам укугу жана башкаруу боюнча долбоорлору

ЖАБЫЛГАН ДОЛБООРЛОР: