USAID жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу боюнча диалогго көмөк көрсөтүүдө

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, Сентябрь 26, 2017

2017-жылдын 29-сентябрында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчөтүү жана адардын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу маселелерин талкуулоо максатында форум уюштуруп жатат. Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттеринин, жергиликтүү кеңештеринин жана жарандык коом уюмдарынын, КР Өкмөт аппаратынын жана эл аралык уюмдардын 120га жакын өкүлү мыкты тажрыйба менен бөлүшүү жана талкуулоо үчүн чогулушат.

Форумдун катышуучулары жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча инновациялык ыкмалар жана стратегиялар, алардын туруктуулугун камсыздоо боюнча презентациялар менен таанышышат. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттер тыштандыларды жыйноо жана жоготуу, маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртуу жана айыл чарба кызмат көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Форум USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору тарабынан өткөрүлүп жатат. Форум маанилүү аймактык, улуттук жана эл аралык жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча иштеген уюмдар ортосундагы пикир алышууга, окууга жана муниципалитеттер ортосунда тажрыйба алмашуу максаты менен уюштурулду. Форумда негизги баяндамачылар: КР Өкмөт аппаратынын Мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнүн башчысы Куванычбек Шадыбеков; USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кимберли А. Розен; КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев.

USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга, алардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатууга, жарандардын ишенимин арттырууга жана Кыргыз Республикасындагы муниципалитеттер ортосунда тажрыйба алмашууну жайылтууга багытталган беш жылдык долбоор.

Толук маалыма үчүн Жылдыз Ниязалиевага кайрылыңыз (zhyldyz_niiazalieva@dai.com, +996 312586358)