Караколдогу жаңы сейил бак – тургундарга жана туристтерге эрмек

ивер Парк сейил багы, туристтер шаардын айланасындагы тоолорго чыгып кеткенге чейин Каракол шаарында көбүрөөк убакытка калып, натыйжада, жергиликтүү чакан бизнес ээлердин кирешесин көбөйткөнгө өбөлгө түзөт.
ивер Парк сейил багы, туристтер шаардын айланасындагы тоолорго чыгып кеткенге чейин Каракол шаарында көбүрөөк убакытка калып, натыйжада, жергиликтүү чакан бизнес ээлердин кирешесин көбөйткөнгө өбөлгө түзөт.

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, Сентябрь 12, 2017

Ишемби күнү, 9-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарынын ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мельцер, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орунбасары Монолдоров Дамир, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев менен биргеликте Каракол шаарындагы жаңы “Ривер парк” сейил багынын расмий ачылыш аземинде катышышты. Аталган паркта коомдук иш чаралар өткөрүлүп, Каракол шаарына келген туристтер жана жергиликтүү тургундар эс алышат. Бул парк АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Каракол шаарында жана Кыргызстан боюнча чет элдик туристтердин санын көбөйтүү аркылуу иш орундарды камсыздоо жана жергиликтүү коомчулуктун кирешелерин көбөйтүү аракетинин алкагында курулду.

Алан Мельцердин сөзү боюнча, “Каракол буга чейин эле туристтерди тарткан шаар катары белгилүү эле, бирок эми “Ривер парк” Каракол дарыясынын жээгин жыл бою коомдук иш чаралар, мааракелер жана фестивалдар өтө турган абдан кооз коомдук жайга айландырат”.

Паркты курулушу туризм жаатындагы 35 ишкананын башын бириктирген “Каракол дестинациясы” коомдук бирикмесинин демилгеси  менен башталып, USAID, Каракол дестинациясы жана шаардын мэриясынын өнөктөштүгү менен ишке ашты. Ривер Парк сейил багы, туристтер шаардын айланасындагы тоолорго чыгып кеткенге чейин Каракол шаарында көбүрөөк убакытка калып, натыйжада, жергиликтүү чакан бизнес ээлердин кирешесин көбөйткөнгө өбөлгө түзөт.

Ривер Паркты куруу долбоорунан башка USAID, Каракол шаарында конок үйлөрдү иштетүү жана туристтер үчүн жаңы сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тренингтерди өткөзүп, шаарда алгачкы акысыз WiFi орнотуп, Каракол шаарын эл аралык басылмалар арасында жана туристтик көргөзмөлөр аркылуу жайылтуу боюнча долбоорлорду ишке ашырган.