Flag of Kyrgyz Republic

Пресс-релиздер

Language: English | Kyrgyz | Russian
Шейшемби, Сентябрь 26, 2017 - 3:00am

2017-жылдын 29-сентябрында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчөтүү жана адардын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу маселелерин талкуулоо максатында форум уюштуруп жатат. Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттеринин, жергиликтүү кеңештеринин жана жарандык коом уюмдарынын, КР Өкмөт аппаратынын жана эл аралык уюмдардын 120га жакын өкүлү мыкты тажрыйба менен бөлүшүү жана талкуулоо үчүн чогулушат.

Форумдун катышуучулары жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча инновациялык ыкмалар жана стратегиялар, алардын туруктуулугун камсыздоо боюнча презентациялар менен таанышышат. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттер тыштандыларды жыйноо жана жоготуу, маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртуу жана айыл чарба кызмат көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Окуу лагерлери башталгыч класстардын окуучуларынын окуу кызыкчылыктарын арттырат
Жума, August 19, 2016 - 5:45am

Август айында Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Баткен облустарынан 73 мектептин башталгыч класстын 1500 окуучусу, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAID тарабынан уюштурулган жайкы окуу лагерлеринде катышып жатышышат. Жогорудагы иш-чаранын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларына интерактивдүү саамалык аркылуу окуу жылында алган билимдерин жакшыртуу болуп эсептелет.

Children at Nation TB Center
Жума, August 12, 2016 - 5:15am

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кургак учук (КУ) дартын аныктоо жана дарылоо көйгөйүн чечүү жаатында Кыргыз Республикасы менен кызматташып келүүдө. Чоң кишилер арасындагы кургак учук илдетине каршы күрөшүүдө омоктуу жетишкендиктер бар болсо да, бул ооруга балдар менен өспүрүмдөр дале болсо көп чалдыгууда.

Шейшемби, Июль 12, 2016 - 6:00am

Бүгүн 12 июлда 25 ашуун туризм бизнесинин жана Кыргызстан боюнча музейлердин өкүлдөрү чогулуп, ал музейлерде чогулган баалуу мурасты жана туризмди өнүктүрүү үчүн анын маанисин талкууга алышты.Бул “Музейлер жана туризм” аттуу иш-чараны Музей демилгелеринин борбору Америка Кошмо Штаттары колдогон “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору менен биргеликте өткөрдү.

Араванда картошка эккен дыйкандардын кирешеси кескин түрдө өстү
Шаршенби, Июль 6, 2016 - 1:15am

АРАВАН – Араван Агросервис кооперативи USAIDдин Агро горизонт долбоору аркылуу АКШ менен өнөктөшүп, картошка түшүмүн жана өз кирешесин 2016-жылы эки эсеге көбөйттү. Эрте бышуучу картошкага өтүү, сапаттуу үрөн эгүү, эффективдүү сатуу жана маркетинг ыкмалары боюнча окутуулар, 217 дыйкандан турган кооперативге картошка түшүмдүүлүгүн гектарына 10 тоннадан 25 тоннага көбөйтүүгө жана аны кымбатыраак баада сатууга жардам берди.

Шаршенби, Июнь 15, 2016 - 6:45am

Бишкек – 9-июнда KiK аттуу Германиянын ири чекене соода компаниясы европалык сатып алуучулар менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн кыргызстандык тигүүчүлөр менен жолугушту. Жолугушуу “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” аркылуу АКШ колдогон Инновациялык клубунун алкагында өттү. Иш чаранын негизги максаты – Кыргызстандын текстиль өнөр жайын өнүктүрүү.

Кыргызстан делегациясы ташты иштетүү боюнча өнөр жайдагы жаңылыктар менен таанышты
Шаршенби, Июнь 15, 2016 - 6:15am

Кооздоочу таш чыгаруучу үч алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 2016-ж. өткөн «Middle East Stone» көргөзмөсүнө катышып келишти. Бул сапар таштын экспортун күчөтүү максатында «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» долбоорунун колдоосу менен ишке ашты.

Road safety training of students at school #85 in Bishkek
Жума, Апрель 29, 2016 - 2:15am

2016-жылдын 25 апрель күнү Бишкек шаарында «Шаардык демилгелер» жарандык коому айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жол жүрүү коопсуздугун сактоосу абдан маанилүү экенин баса белгилеп маалымат жыйынын өткөрдү.


USAIDдин колдоосу менен ишке ашкан «Жол үч бурчтугу» аттуу маалымат кампаниясы «Шаардык демилгелер» коому тарабынан ишке ашып, жол милициясы, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр жол коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойноорун баса белгиледи. Бул иш-чаранын алкагында, «Шаардык демилгелер» коому айдоочулардын жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана билимдерин жогорулатуу максатында онлайн тест иштеп чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин 26,700 дөн ашык адам тест тапшырышты.

Боз үйдөгү сүйлөшүү
Шейшемби, Апрель 26, 2016 - 11:00pm

Март айында кыргыз туристтик компаниялары  эки алдыңкы эл аралык көргөзмөлөрдө - Берлин шаарындагы Internationale Tourismus-Börse Berlin (ITB Berlin) жана Москванын “Саякат жана туризм” эл аралык көргөзмөсүндө (MITT) өздөрүнүн туристтик кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныштырышты.  АКШ менен өнөктөштүктө “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору алкагында алар Кыргыз Республикасындагы туристтик жерлерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтүштү жана 2016-жылдын сезонуна карай бир нече келишимдерге кол коюшту.

The United States Government, through USAID and in close cooperation with the Kyrgyz Republic Government handed over equipment
Шаршенби, Февраль 27, 2013 - 5:30am

The United States Government (USG), through the United States Agency for International Development (USAID) and in close cooperation with the Government of the Kyrgyz Republic (GOK) handed over agricultural equipment to 14 seed farms from throughout the Kyrgyz Republic as part of the Economic Development Fund Program. The $7.4 million in assistance is aimed to develop a sustainable seed industry in the country. The participating seed farms will help to ensure that the domestic market’s needs for high quality seed are met while also expanding opportunities for export to regional and international markets.

Pages