Flag of Kyrgyz Republic

Экономикалык өнүгүү жана соода

Language: English | Kyrgyz | Russian
USAID Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо үчүн CASA 1000 долбооруна кошулуусун колдойт
USAID Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо үчүн CASA 1000 долбооруна кошулуусун колдойт
Kyrgyz Republic Government Office
USAID Кыргыз Республикасында жашаган ар бир үй-бүлөнүн стабилдүү келечеги үчүн жумушчу орундарын түзүү жана экономиканы чыңдоо боюнча өкмөт менен бизнестин иш-аракетин колдойт.
 
1991-жылы эгемендүүлүккө жетишкенденден баштап Кыргыз Республикасында базар реформасы, анын катарында бизнести жана инвестицияны жөнгө салуу системасын өркүндөтүү башталган.1998-жылы Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынган. Ошондой болсо дагы андан ары өнүгүүгө тоскоолдуктар дагы эле бар, бул тоскоолдуктарга чет элдик инвестициялардын аз өлчөмдө болушу, жумушсуздуктун көптүгү, коррупция жана жакырчылык дэңгээлинин өтө жогору болушу кирет. Республиканын жумушка жарамдуу калкынын болжол менен  төрттөн бири чет өлкөлөрдө иштешет, өлкө квалификациялуу жумушчу күчүн жоготуп жатат, бул экономикалык жана социалдык тескери таасирин тийгизет.
 
USAID менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасы экономикалык өнүгүү үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнести жөнгө салуу боюнча реформаларды өткөрүү ишинде бир топ ийгиликтерге жетишти. USAID республиканын өкмөтүнө жеке менчик секторду өнүктүрүүнүн Жол картасын жүзөгө ашырууга жана экспортту өнүктүрүү Стратегиясына колдоо көрсөттү, бул колдоо бизнестин өнүгүшүнө, экономиканын  алгалашына жана өлкөдө жумушчу орундарды түзүүгө жакшы таасирин тийгизди. Мындан сырткары USAID Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мекемелердин  жана жеке менчик секторлордун адамдык жана институционалдык дараметин өнүктүрүүгө күч жумшап жатат. Атап айтсак, айыл чарба, туризм, кийим тигүү жана курулуш материалдары боюнча тармактардын өндүрүмдүүлүгү менен экспорттук потенциалын жогорулатууга USAID көмөк берип жатат. Бажылык реформаларды жүзөгө ашырууга жардам берүү аркылуу USAID коңшу өлкөлөр менен соода иштерин жакшыртууну колго алууда, бул албетте, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөнүн өнүгүшү үчүн негизги фактор болуп калат.
 
Ошондой эле, USAID өкмөттүн энергетикалык коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча саясатын жүзөгө ашырууга жардам берүүдө. Бул иш-чаралар кыска мөөнөттүү перспективада республиканы өзгөчө кыш мезгилинде жана кургакчылык учурунда энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча  энергосектордогу реформаларды колдоону камтыйт. Ушуну менен катар эле USAID электр энергиясынын региондук рыногун өнүктүрүүгө да жардам көрсөтөт. Кыргыз Республикасы гидроэнергетикалык ресурстарга бай өлкө болгондуктан бул иш максатка ылайыктуу жана абдан пайдалуу болот. Булардан тышкары USAID коррупцияга каршы күрөшүү жана иштин натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча өкмөттүн алдындагы милдеттерди аткаруу үчүн энергетикалык сектордогу адамдык жана институционалдык потенциалды жакшыртуу боюнча да иштеп жатат.
 
USAIDдин экономикалык өнүгүү жана соода боюнча долбоорлору: 

Жабылган долбоорлор: