Америка Кошмо Штаттары башталгыч класстар үчүн кыргыз тилинде 264 миң китеп берет

Ар бир кыргыз тилдүү башталгыч мектеп кыргыз тилиндеги 123 китеп алышат.
Ар бир кыргыз тилдүү башталгыч мектеп кыргыз тилиндеги 123 китеп алышат.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, Декабрь 14, 2016

Бишкек - 12-декабрь Кыргызстандын Улуттук aдабият күнү, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчиси, Шейла Гуолтни бардык мамлекеттик кыргыз тилдүү башталгыч мектептерге 264,000ден ашык китептерди USAID аркылуу таратыларын жарыялады. Ар бир кыргыз тилдүү башталгыч мектептин алгачкы окурмандардын муктаждыктарына негизделген жомоктор, окуялар, табышмактар жана ырлар менен кыргыз тилиндеги 123 китеп алышат. USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору өлкө боюнча 60%га чукул мектептерде иштеп жатат жана 1-4 башталгыч класстардын окуучуларын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу аракетинде. K. Баялинов атындагы балдар китепканасында китептерди тапшыруу аземи учурунда, Aмерика элчиси Кыргыз Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы 25 жылдык үзүрлүү өнөктөштүгү үчүн белек экендигин белгиледи.

«Биз АКШнын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы кызматташтыкта кошула алганыбызга сыймыктанабыз жана биз бул маанилүү ишти улантуу үчүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», - деп билдирди элчи.

«Бирге окуйбуз» долбоору, USAID жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч класстардын окуучулары новатордук окутуу ыкмалары аркылуу окуу көндөмүн жакшыртууга жардам берүү үчүн багытталган. Аталган долбоор башталгыч мектептердин 60%ын камтып, 260,000ден ашуун башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндөмдөрүн жакшыртууга жардам берет.

USAID ошондой эле балдардын жана алардын ата-энелеринин арасында китеп окууну жайылтууга жана Улуттук адабият күнүнө арналган майрамдоо бүткүл өлкө боюнча бир катар салтанаттуу иш чараларды өткөрүүдө. Улуттук адабият күнү улуу жазуучу  Ч. Айтматовдун туулган күнүндө белгиленет.