Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Language: English | Kyrgyz | Russian
Кыргызстандын стендине төрт күн ичинде 14 миңден көп адам келди
Февраль 10, 2017

26-29-январда, Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын жети туроператору Стамбул шаарында өткөн Eastern Mediterranean Travel and Tourism (EMITT) туристтик көргөзмөсүнө катышышты. Ошондой эле, Кыргызстанга чет өлкөлүк туроператорлордун, туристтик блогерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыгуусун арттыруу максатында, USAID түркиялык “Gezimanya” аттуу туристтик жана медиа-компания менен бирге көргөзмөдө бир нече жарнамалык иш-чараларды уюштурду. Натыйжада, кыргызстандык туроператорлор 2017-жылкы жайкы сезонго карата 42 потенциалдуу келишимдердин шарттарын талкуулашты.

Февраль 8, 2017

Долбоор көптөгөн жана кеңири дарыларга туруктуу кургак учукту дарылоо үчүн кыскартылган режимди жана жаңы дары дармектерин киргизүүгө көмөктөшөт.

USAID суу менен камсыз кылуу сыяктуу кызматтарды өнүктүрүүгө жардам берет
Январь 31, 2017

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарын өнүктүрүү боюнча USAIDдин беш жылдык долбоору. Ал ЖӨБ органдарынын ишин жакшыртууну, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү, жарандардын ишенимин жогорулатууну жана Кыргыз Республикасынын аймактарынун ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүүгө багытталган.

Кыргызстан стендине 5 миңден ашуун киши келди
Январь 31, 2017

18-22-январь аралыгында, Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти USAIDдин колдоосу менен Мадридде (Испания) өткөн FITUR-2017 эл аралык туризм жарманкесине катышты. FITUR – туризмге арналган Европанын алдыңкы жарманкеси жана быйыл ага 165 мамлекеттен 9,500 туристтик компания катышты.

Изилдөөлөр, ошондой эле окуучунун үйдөгү айлана-чөйрөсүн дагы эске алган.
Январь 22, 2017

17-январь күнү адистерге сунушталган USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунун изилдөөсүнө ылайык, долбоорго катышкан башталгыч класстардын окуучулары, окуу көндүмдөрүн бир кыйла жакшырткандыгын көрсөттү. Долбоордун алкагында окуудан өткөн мугалимдердин натыйжалуу окутуу ыкмаларын колдонуусу көбөйгөндүгүн, жана ата-энелер балдары менен чогу китеп окууга көбүрөөк убакыт бөлө баштагандыгын көрсөттү.

Pages