Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Language: English | Kyrgyz | Russian
Бул терминалдар аркылуу жүргүнчүлөр өз укуктарын билип, адам сатууга чалдыкпоо үчүн эмне кылыш керек экенин биле алышат.
Апрель 12, 2017

10-апрелде АКШ өкмөтү USAID аркылуу “Манас” эл аралык аэропортунда атайын мигранттар үчүн маалымат терминалдарын орнотту. Бул терминалдар аркылуу жүргүнчүлөр өз укуктарын билип, адам сатууга чалдыкпоо үчүн эмне кылыш керек экенин биле алышат. Иш-чаранын негизги максаты – адам сатууга каршы туруу жана сыртка чыгып жаткан кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо. Чет өлкөдө жашап иштеген болжол менен 700 миңдей кыргызстадык мигранттар үчүн кодулоого туш болуп, адам саткандарга кабылуу тобокелдиги жогору.

Кыргыз боз үйү миңдеген конокторду гана тосуп албастан, туризм жаатындагы ишкерлер менен жолугушууларды да кабыл алды.
Март 29, 2017

8-12-мартта кыргызстандык туроператорлор  АКШнын Өкмөтү USAID аркылуу көрсөткөн колдоосу менен Германиянын борборунда жыл сайын өткөрүлүүчү ITB Berlin дүйнөлүк ири туризм жана саякат көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын атынан катышып келди. Көргөзмөдө Кыргызстан делегациясы орноткон чыныгы кыргыз боз үйү көчмөн маданияты менен таанышып, салттуу тамак, суусундуктарын ичип, музыкасын угууну каалаган 10 миңден ашык адамды тосуп алды.

USAID 1 миңден ашуун бейтапка узак мөөнөткө созулган жана көп учурда оор дарыланууну бүтүрүүгө жардам берди.
Март 24, 2017

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү АКШ Өкмөтү Кыргыз Республикасында кургак учукту жок кылууга берген убадасын кайрадан тастыктап келет. USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” долбоору – бул АКШнын кыргызстандыктардын ден соолугуна жана келечегине 12 млн долларынан ашык инвестиция.

Март 14, 2017

Кыргыз Республикасы – постсоветтик Борбор Азияда жалгыз
эркин шайланган парламенттик демократия. Ошондуктан, узак
мөөнөттүк стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү колдоо максатында,
Кошмо Штаттары өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин
колдоп чыңдоого олуттуу көңүл буруп, экономиканын,
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жана аймактагы
мамилелердин өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.

Март 2, 2017

Smart Waters долбоорунун негизги максаты - суу секторундагы билимди кеңейтүү, суу чарбасындагы адистер менен менеджерлердин ортосунда жумушчу мамилелерди орнотуу, суу ресурстарын башкарууга, илимий чөйрө менен кызматташууга болгон потенциалды көрсөтүү.

Pages