"Challenge TB" Долбоору

Узактыгы: 2015-2019-жж.

Бюджети: 500 миң АКШ долл.

Ишке ашырган уюм: KNCV фонду

Негизги өнөктөштөр: КУ боюнча улуттук программа, Саламаттыкты сактоо министрлиги, КУ каршы мекемелер

Долбоор камтыган аймак: республика боюнча

Вебсайт: www.challengetb.org

Долбоор көптөгөн жана кеңири дарыларга туруктуу кургак учукту дарылоо үчүн кыскартылган режимди жана жаңы дары дармектерин киргизүүгө көмөктөшөт.

Дүйнөдө 2015-жылы 480 миң адамда көптөгөн дарыларга туруктуу кургак учук (КДТ КУ) өрчүгөн, ал эми 250 миң киши бул оорудан каза тапкан. Дүйнө боюнча КДТ КУ менен ооруган төрт кишинин бирөө гана аныкталат, андан да азы киши дарыланууга жиберилип анын ичинен жарымы гана ийгиликтүү дарыланды. Толук дарыланбаган бир киши жыл сайын 10-15 кишиге оору жугузат. Ошондуктан, бул оруу коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйүнө айланып, ал дары менен жетишсиз камсыздоодон, антибиотиктерди туура эмес дайындоодон жана/же бейтаптар дуушар болгон узакка созулган, татаал дарылануудан башт тарткандан пайда болот.

ИШТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Кыргыз Республикасы КДТ КУ кеңири жайылган 30 өлкөнүн катарына кирип, жыл сайын КДТ КУ менен ооруп калган 1400 киши катталат. Өлкө КДТ КУ каршы күрөшүүдө олуттуу көйгөйлөргө туш болууда, анын ичинде узак дарылоо, кеңири дарыларга туруктуулук (КДТ) формасы бар кургак учуктун коркунучтуу  формаларын дарылоо үчүн дарылоонун эффективдүү варианттарынын жоктугу. Жакында жөнгө салуучу органдар жана БДССУ тарабынан кургак учукка каршы жаңы дарылардын жактырылышы Кыргыз Республикасында КДТ КУ дартын дарылоочу жаңы дарыларды жана дарылоонун жаңы режимин киргизүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Challenge TB долбоору Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөшүү боюнчаУлуттук программасына Бедаквилин (Bdq) жана Деламанид(Del) сыяктуу кургак учукка каршы жаңы дары дармектерин жана КДТ КУ дарылоонун кыскартылган режимин (9-12 ай) киргизүү боюнча улуттук планды иштеп чыгууга жардам берди.  

КҮТҮЛГӨН МАЙНАП ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Алгачкы 59 бейтаптар 2017-жылдын январында жаңы дармектер жана схема менен дарыланууну баштады.  

Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Улуттук программа жана Challenge TB долбоору дарылоонун жаңы режимдерин ишке ашыруу үчүн төмөнкү баскычтардан өтүштү:

  • Жаңы дары дармектерди  жана дарылоо режимдерин киргизүү боюнча Улуттук план, ошондой эле КДТ/КДТ КУ дарылоо боюнча клиникалык колдонмолору жана стандарттары иштеп чыгарылды жана бекитилди.
  • Каттоосуз ташып кирүүгө боло турган дары дармектер  тизмесине Бедаквилин дарысы кошулду. Bdq дарысын бажылык тазалоо жана Дарылар менен камсыздоо департаментинен бул дары дармек клиникалык практикада колдонууга уруксат алынды.
  • Пилоттук мекемелердеги негизги клиницисттер жана дарыларга туруктуу кургак учук боюнча улуттук координатор, дарыларга туруктуу кургак учукту дарылоо программасын жана кургак учукка каршы  жаңы дарыларды колдонуу боюнча эл аралык курстан өтүштү.
  • Улуттук референс лабораториянын адистери үчүн Бедакливинге дарылык туруктуулукту аныктоо боюнча тренинг уюштурулду.
  •  2017-жылдын январында пилоттук мекемелерде  бейтаптарды дарыланууга кабыл алуу үчүн негиз болгон дартты аныктоонун жаңы алгоритми киргизилди.
  • Пилоттук мекемелерде  КДТ КУ менен ооругандардын ортомчу каттоо базасы киргизилди, ал эми азыркы учурда баштапкы маалыматтарды киргизүү жана талдоо иштери жүрүп жатат.
  • Challenge TB долбоору   бейтап багытталган мамиле стратегиясы боюнча иштерди жүргүзүп жатат.  

Кийинки эки жылдын ичинде бул долбоор жер-жерлердин баарына жаңы дары дармектер жана дарылоо режимдерине жетүүгө мүмкүндүк берүү үчүн кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Улуттук программага колдоо корсотот. Бул колдоо корсотууго улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта жергиликтүү техникалык жана кадрдык потенциалды жакшыртуу боюнча иштер кирет.