Коомдук Жана Муниципалдык Башкаруу Боюнча Демилге

USAID суу менен камсыз кылуу сыяктуу кызматтарды өнүктүрүүгө жардам берет
USAID суу менен камсыз кылуу сыяктуу кызматтарды өнүктүрүүгө жардам берет
USAID/KYRGYZ REPUBLIC

Узактыгы: Октябрь 2016-ж. – сентябрь 2021-ж.

Бюджети: 9,5 млн. АКШ доллары

Долбоорду ишке ашырган: DAI

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзу, Өнүктүрүү саясат институту

Ишмердүүлүк аймагы: Республика боюнча

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарын өнүктүрүү боюнча USAIDдин беш жылдык долбоору. Ал ЖӨБ органдарынын ишин жакшыртууну, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү, жарандардын ишенимин жогорулатууну жана Кыргыз Республикасынын аймактарынун ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүүгө багытталган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Өнөктөш муниципалитеттердин кызмат көрсөтүү жана башкаруу, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, финансы жана ички жол-жоболорду башкаруу, жарандар менен иштөө жолдорун изилдөө аркылуу негизги кемчиликтерди аныктап, долбоор төмөнкү өңүттөргө көңүл бурат:

  • НАТЫЙЖАЛУУ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ. Долбоор өнөктөш муниципалитеттерге катуу тиричилик калдыктарын башкаруу, суу менен камсыздоо же жарык берүү өңдүү кызматтарды жакшыртууда көмөк көрсөтөт. Булар пландоо, бюджетти түзүү, башкаруу жана көзөмөлдү жакшыртуунун эсебинен ишке ашат.
  • ЖАРАНДАРДЫН ИШЕНИМИН КҮЧӨТҮҮ. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз жумушун кандай аткарып жаткандыгы менен ал жумушка жарандар кандай баа берип жатканынын ортосундагы ажырымды кыскартууга багытталган. Долбоор муниципалитет көрсөткөн кызматтарды көзөмөлдөө үчүн аялдар, жаштар жана азчылыктарды камтыган жаран топторун тартат. Натыйжада жарандар ал кызматтарга карата пикирлерин, сунуштарын айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушу боюнча реалдуу көз карашта болушат.
  • ТУРУКТУУЛУКТУ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ. Натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугун жана жарандардын катышуусун илгерилетүү максатында, долбоор мыкты тажрыйбаларга жана муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүгө колдоо көрсөтөт.

Алгачкы жылы, долбоор Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 16 өнөктөш муниципалитет менен иштейт. Ал эми долбоор ишке ашырыла турган беш жылдык мөөнөттө 50 элеттик жана шаардык муниципалитеттерди камтыйт.

КҮТҮЛГӨН ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 50 муниципалитет операциялык жана финансылык башкарууну (менеджмент) жакшыртып, элге кызмат көрсөтүүдө өз эффективдүүлүгүн жогорулатышат;
  • 25 муниципалитет өз киреше булактарын көбөйтө алат;
  • 50 муниципалитетте жарандардын кыматтар менен канааттануу деңгээли жогорулайт. Себеби алар үчүн ыңгайлуу жерде жайгашкан мурдагыдан да жеткиликтүү кызматтар көрсөтүлөт. Ошондой эле жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеними артат;
  • 50 муниципалитетте бюджеттик жол-жоболор жакшырат жана алар жамааттын катышуусу менен өткөрүлөт;
  • Аспаптардын, ресурстардын жана мыкты практика менен платформалардын маалымат базасы түрүндө туруктуу механизмди түзүүнүн жардамы менен тикелей жардам көрсөтүлөт. Бул болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык кызматташтыкты жакшыртуу маселелери боюнча улуттук өкмөт менен тил табышууга жол берет.