Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Language: English | Kyrgyz | Russian
Жаңы борбор Кыргызстандын түштүк аймагындагы кымбат санарип жабдуу сатып ала албаган чакан тигүүчү цехтерди тейлейт.
Июнь 15, 2017

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору аркылуу АКШнын Өкмөтү Кыргызстандагы жергиликтүү ишкана менен биргеликте Ош шаарында атайын тейлөө борборун ачты. Аталган тейлөө борбору Оштун гана эмес, Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча тигүүчү цехтерге компьютердик программа менен камсыздалган кийимдин өлчөмүн автоматтык түрдө ырастап, бычуудан мурда кездемеге түшүрүлчү кийимдин үлгүлөрүн жасоо кызматтарын сунуштайт. Бул демилге кийим тигүүчүлөрдүн убактысын жана каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул дүң кампа аркылуу жыл сайын болжол менен 24 миң тонна жашылча сорттолуп, тазаланып жана таңгакталып өтөт.
Июнь 15, 2017

14-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Шейла Гуолтни Араван районунда жашылча дүң кампасынын ачылышынын аземине катышты. Бул түштүктөгү миңдеген фермерлерге түздөн-түз пайда алып келүүчү кампанын ачылышы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен жеке ишкер Аваз Абдурахимовдун ортосундагы кызматташуунун натыйжасы болду. Өлкөнүн түштүгүндө ушул сыяктуу эң ири объекттердин бири болгон бул дүң кампа аркылуу жыл сайын болжол менен 24 миң тонна жашылча сорттолуп, тазаланып жана таңгакталып өтөт.

Беш күндүк тренинг өзүнө теориялык сабактарды жана эки күндүк жөө саякатты камтыйт.
Май 26, 2017

2017-жылдын 10-майынан 24-майына чейин, АКШнын  Өкмөтү, USAID аркылуу, Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы менен биргеликте 75 гид үчүн трекинг-турлар боюнча окутуу өткөрдү. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген гиддер кардарларды тейлөө, коопсуздуктун эл аралык стандарттары жана географиялык багыт алуу боюнча даярдык көрүшүп, жакшыртылган билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту. Беш күндүк тренинг өзүнө теориялык сабактарды жана 2300 метр бийиктикте жайгашкан Жыргалаң өрөөнүндө эки күндүк жөө саякатты камтыйт. Бул Кыргызстандагы трекинг-турлар боюнча мындай деңгээлдеги биринчи окутуу болду.  Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы иш-чараны мындан ары да улантууну пландаштырууда.

Ар бир китепканага жомоктор, табышмактар, ырлардан жана башка жаш окуучулардын деңгээлине туура келген чыгармалардан турган 1639 китеп берилет.
Апрель 21, 2017

21-апрелде, Бишкек шаарында Курманжан Датка аянтында Дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо учурунда, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу 130 миң китеп берүүнү жарыялады. Ал китептер баштапкы мектеп окуучуларынын окуу жөндөмүн күчөтүүчү USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 80 жаш балдар китепканасына берилет.

Бул тиркеме сүрөттөрдү жүктөөгө, башкалардын кайрылууларын жана мэриянын жаңылыктарын окууга мүмкүндүк берет.
Апрель 14, 2017

Ош шаарында, 10-апрелде шаар тургундарынын кайрылууларын, даттанууларын жана сунуштарын кабыл алуу үчүн OshCity мобилдик тиркемесинин презентациясы болуп өттү. Бул мобилдик тиркеме аркылуу шаар тургундары мэрияга жана 25 муниципалдык шаардык кызматтарына кайрылуусуна мүмкүндүк берет жана анын процессин кыйла жеңилдетет. Андан тышкары, бул тиркеме сүрөттөрдү жүктөөгө, башкалардын кайрылууларын жана мэриянын жаңылыктарын окууга мүмкүндүк берет.

Pages