Кыргыз боз үйү ири эл аралык туристтик көргөзмөлөрдүн катышуучуларынын кызыгуусун жаратты

Кыргыз боз үйү миңдеген конокторду гана тосуп албастан, туризм жаатындагы ишкерлер менен жолугушууларды да кабыл алды.
Кыргыз боз үйү миңдеген конокторду гана тосуп албастан, туризм жаатындагы ишкерлер менен жолугушууларды да кабыл алды.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, Март 29, 2017

Бишкек – 8-12-мартта кыргызстандык туроператорлор  АКШнын Өкмөтү USAID аркылуу көрсөткөн колдоосу менен Германиянын борборунда жыл сайын өткөрүлүүчү ITB Berlin дүйнөлүк ири туризм жана саякат көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын атынан катышып келди. Көргөзмөдө Кыргызстан делегациясы орноткон чыныгы кыргыз боз үйү көчмөн маданияты менен таанышып, салттуу тамак, суусундуктарын ичип, музыкасын угууну каалаган 10 миңден ашык адамды тосуп алды.

“Он миң адам 2016-жылы келгендерге караганда алд канча көп, эми алар 2017-2018-жылкы туристтик сезондо өлкөбүзгө келген коноктордун санына айланат деп үмүттөнүп турабыз”, - деп, делегациянын мүчөсү, туризмди өнүктүрүү боюнча “Каракол Дестинациясы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Рахат Жамалова өз ою менен бөлүштү.

Кыргыз боз үйү миңдеген конокторду гана тосуп албастан, туризм жаатындагы ишкерлер менен жолугушууларды да кабыл алды. Кыргызстандык туроператорлор 1200дөн ашуун потенциалдуу өнөктөштөр менен байланыш түзүп, европалык туроператорлор менен 31 келишим түзүштү. Бул макулдашуулар Кыргызстанга чет өлкөлүк туристтердин санын көбөйтүүгө, туризм тармагын өнүктүрүүгө, Кыргызстандын жарандары үчүн  кирешелерди көбөйтүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө алып келиши күтүлөт.

Өткөн жылы, USAID Кыргызстандын делегацияларынын Мадридде, Стамбулда, Лондондо өткөн жана башка эл аралык жана жергиликтүү көргөзмөлөргө катышуусун каржылады. Бул көргөзмөлөргө катышуу өлкө үчүн олуттуу киреше булагы болуп, жумуш орундарын түзүүчү туризм тармагын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу өнөктөштүктүн алкагында колдоого алынды.

USAID өзүнүн “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун  алкагында өлкөнүн уникалдуу жана сонун туристтик сунуштарын эл аралык рыноктордо таанытуу аркылуу Кыргыз Республикасында туризмдин өнүгүүсүнө көмөктөшөт. Долбоор ошондой эле жеке туристтик ишканаларга жардам берип, туристтер үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүү боюнча иш алып барат.