Smart Waters долбоору

Мөөнөтү: 2015-жылдын октябрынан – 2020-жылдын 30-сентябрына чейин

Бюджет: $9.5 миллион (аймактык)

Ишке ашырган уюм: Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору  (БААЭБ)

Негизги өнөктөштөр: Ишмердүүлүк чөйрөсү: Кыргызя Республикасы, Казакстан, Тажикистан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Афганстан.

Smart Waters долбоорунун негизги максаты - суу секторундагы билимди кеңейтүү, суу чарбасындагы адистер менен менеджерлердин ортосунда жумушчу мамилелерди орнотуу, суу ресурстарын башкарууга, илимий чөйрө менен кызматташууга болгон потенциалды көрсөтүү.

Бул долбоор суу ресурстарын башкаруу, аны жүзөгө ашыруу чаралары боюнча дискуссияларды бириктирет жана ошондой эле  негизги адистердин, студенттердин, изилдөөчүлөрдүн, чиновниктердин жана суу чарбасын пайдалануучулардын транс чек ара сууларын климаттык сезимтал  колдонуу боюнча маалыматтарды алмашуу жана бириктирүү максатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор Борбор Азияда жана Афганстанда профессионалдуу адистердин тобун түзүүгө багытталган, алар узак мөөнөттүү мезгилге адилеттүүлүк менен суу ресурстарынын экономикалык баалуулугун максималдаштырып, жалпы суу ресурстарын башкарууга жөндөмдүү болушу зарыл. Бул иш улам өзгөрүп жаткан климаттык шарттарда жана башка факторлордо мындай ишмердүүлүктүн баалуулугун түшүнүү жана бири-бирине ишенимди тереңдетүү үчүн зарыл.

Потенциалды өстүрүү жана академиялык алмашуу Борбор Азия менен Афганстанда суу чарбасынын адистеринин потенциалын жогорулатат. Ушул компоненттин алкагында долбоор суу чарбасынын жаңы муундагы менеджерлерин даярдайт, ал менеджерлер күнүмдүк жумушунда суу ресурсун интеграциялуу башкаруу (СРИБ) принциптерин ишке киргизүүгө жана суу ресурстарын күндөлүк башкаруу процессинде илимий негизделген куралдарды пайдаланууга жөндөмдүү болушат. Долбоор аймактык университеттеги  СРИБдин адистеринин табигый илимдер Магистратурасынын программасы боюнча стипендияларды берет жана  суу чарбасынын бир катар адистери үчүн кыска мөөнөттөгү окутуу курстарын өткөрөт.

Өз ара карым-катыш жана кызматташтык  Борбор Азия менен Афганстандагы академиялык коомдор, адистер жана суу чарба уюмдарынын ортосундагы диалогду колдоого көмөк болот. Долбоор Борбор Азиядагы транс чек ара дарыялардын боюндагы чакан суулардын маселелери боюнча кошумча сунуштарды иштеп чыгууга түрткү болот. Бул иш-аракеттер дагы аудиторияларда биргелешип окууга, жер-жерлерде кызматташууга, эл аралык жана аймактык иш-чаралардын өз ара карым-катышын жеңилдетүүгө көмөкчү болот.

Суу ресурстарын интеграциялуу башкаруу (СРИБ) Борбор Азия менен Афганстандагы бардык деңгээлдеги суу чарбаларында СРИБдин негизги принциптерин кеңири таанууга жана пайдаланууга өбөлгө болот.

Бассейндик пландоо Борбор Азия менен Афганстандагы дарыя бассейндеринин деңгээлинде узак мөөнөттүү пландаштырууну камтыйт. Долбоор бассейндерди башкаруу үчүн өз  пландарын иштеп чыгууну үйрөтүү боюнча бассейнди уюштуруу багытында окуу модулдарын уюштурат. Эксперттер климаттык шарттарга туруктуу болгон суу ресурстарын интеграциялуу башкаруунун ийгиликтүү иш-чараларын иш жүзүндө көрсөтүү максатында транс чек ара бассейндеринин кай бир жерлерине барышат.

КҮТҮЛГӨН ЖЫЙЫНТЫКТАР МЕНЕН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Борбор Азия менен Афганстандын суу чарба адистери СРИБдин туруктуу иш чараларын саясат жана прикладдык деңгээлде абдан жакшы түшүнүшөт жана колдошот.
  • Борбор Азия менен Афганстандын суу чарбасынын келечектеги адистеринин арасында кызматташтык, өз ара ишеним менен ишкердик байланыштар жакшырып жатат. Суу чарбасы боюнча  Улуттук министрликтер СРИБдин принциптерин пайдаланышып, бассейндерди уюштурууда жакшыртылган колдоолорду камсыздап жатат.
  • Кай бир бассейндерде бассейндик пландоо принциптери жакшырды.