Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Language: English | Kyrgyz | Russian
Сентябрь 6, 2017

Бүгүн Бишкекте Борбордук Азия боюнча кургак учукту интеграцияланган контролдоо боюнча экинчи эл аралык конференция башталды. Эки күндүк иш-чарага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2015-2035-жылдарга «Кургак учукту токтотуу» стратегиясында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун жолдорун жана прогрессти талкуулоо үчүн түрдүү өнөктөштөр жана кургак учук боюнча иштеген медицина адистери чогулат. Бул стратегия кургак учуктан өлүмгө учуроону 95%га жана ооруга чалдыгууну 90%га кыскартууга багытталган.

Сентябрь 5, 2017

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасын 23-25-августта Бишкекте Ак илбирсти жана анын экосистемасы боюнча форумду ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктайт. Ак илбирс жашаган 12 өлкө ак илбирсти сактап калууну колдоорун дагы бир жолу тастыктап, “Ак илбирске жана тоолорго кам көрүү – биздин экологиялык келечегибиз” атnуу Бишкек декларациясына кол коюшту.

August 10, 2017

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жаш энелерге ымыркайлардын ден соолугун чыңдоо жана тамак берүүнү жеңилдетүү аркылуу дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгын өткөрдү. 1-7-августта өткөн жумалыкта USAIDдин Дүйөлүк дэңгээлде тамак-аш тармагында өнөктөштүктү, натыйжалуулукту жана инновацияны чындоо долбоору (SPRING) Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору жана башка өнөктөштөр менен бирге, Нарын жана Жалал-Абад облустарында он үй-бүлөөлүк медициналык борборлоро энелер бөлмөлөрүн ачты. Бул эмизүүгө керектүү болгон жабдуулар менен камсыз болгон бөлмөлөрдө энелер балдарын ээн-эркин эмизе алышат. Ошондой эле, бөлмөлөрдө балдардын өсүп-өнүгүүсүнө эмчек эмизүүнүн мааниси тууралуу маалымат бар.

August 3, 2017

Июнь жана июль айларында өлкөнүн булуң-бурчунан 120 мектеп окуучулары Ысык-Көл жана Джалал-Абад областтарында Демократия лагерлерине катышышты. Бул лагерлерди жыл сайын АКШ Өкмөтү АКШ эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) аркылуу уюштурат. 10 күндүн ичинде жаш жарандар лидерлик жана критикалык ой жүгүртүү, командада иштөө жана социалдык кызматташтык боюнча тажрыйба алышты. Лагерде окуучулар жарандык жана демократиялык баалуулуктар, шайлоо жараяны жана добуш берүү боюнча оюндар, сүрөт жана медиа-технологиялар аркылуу түшүнүк алышты.  

Июль 13, 2017

АКШнын Өкмөтү  Кыргыз Республикасынын 94 социалдык жана медициналык мекемелерине  USAIDдин «Тынчтык үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында 200 миң АКШ долларлык 77 тонна азык-түлүк берди. Витаминдер менен байытылган 3,9 миллион порцияга жарактуу тамак-аш кургак учук менен ооругандарга, кары-картаңдарга жана жетимдерге берилет.

Pages