USAID Кыргызстандын энелерин колдоо аркылуу Дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгын белгиледи

Бейшемби, August 10, 2017
2014-жылдан бери SPRING долбоору 280 орууканаларда 5,5 миңден ашык кызматкерлерди окутту.
SRPING

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жаш энелерге ымыркайлардын ден соолугун чыңдоо жана тамак берүүнү жеңилдетүү аркылуу дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгын өткөрдү. 1-7-августта өткөн жумалыкта USAIDдин Дүйөлүк дэңгээлде тамак-аш тармагында өнөктөштүктү, натыйжалуулукту жана инновацияны чындоо долбоору (SPRING) Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору жана башка өнөктөштөр менен бирге, Нарын жана Жалал-Абад облустарында он үй-бүлөөлүк медициналык борборлоро энелер бөлмөлөрүн ачты. Бул эмизүүгө керектүү болгон жабдуулар менен камсыз болгон бөлмөлөрдө энелер балдарын ээн-эркин эмизе алышат. Ошондой эле, бөлмөлөрдө балдардын өсүп-өнүгүүсүнө эмчек эмизүүнүн мааниси тууралуу маалымат бар.

Далилдер жана окумуштуулар менен дарыгерлердин кеңештерине карабастан, Кыргыз Республикасында ымыркайлардын 60 гана пайызына төрөлгөндөн кийин бир сааттын ичинде эмчек берилет, ал эми алты айга чейинки бөбөктөрдүн 41 пайызы кошумча тамаксыз эмчек менен гана багылат. Натыйжада бул көрсөткүчтөр баланын жакшы тойбошуна, аз кандуулукка жана начар өсүп жетилүүсүнө алып келет. Кыргзстандагы дээрлик ар бир бешинчи бала бою кыска болсо, ар бир бештен экиси аз кандуулук менен жашайт.

USAIDдин SPRING долбоору эне жана баланын тамактануусун, баланын өсүп жетилүүсүн жакшыртууну жана аялдар менен балдар арасындагы аз кандуулукту азайтуу жаатында иш алып барат. Долбоор коомчулукту, саламаттыкты сактоо кызматкерлерин окутуп үйрөтүп, натыйжалуу эмчек эмизүүнү, туура тамактанууну, кол жуунун маанилүүлүгүн жана азык-түлүктү туура сактоо боюнча үй-чарба арасында окутуп үйрөтүү тренингдерин өткөрөт. 2014-жылдан бери SPRING долбоору 280 орууканаларда 5,5 миңден ашык кызматкерлерди окутуп, эки жаштан кичине бөбөктөрү бар 270 миңден ашык энелер менен баарлашты. USAIDдин колдоосу менен он бир медициналык мекеме, эне-бала байланышын чыңдоо, туура тамактануу жана эмчек эмизүүнү илгерилеткен дүйөлүк стандарт болгон, «Энеге жана балага камкор оорукана» демилгесинин сертификатын алышты.