Кыргызстандын социалдык мекемелери АКШдан 77 тонна азык-түлүк алышты

Бейшемби, Июль 13, 2017
Акыркы 10 жыл ичинде АКШ өкмөтү USAIDдин «Тынчтык үчүн азык-түлүк» программасы аркылуу Кыргызстандын муктаж болгон жарандарына 35 миллиондон ашуун тамак-аш порциясын беришкен.
Эргэнэ

АКШнын Өкмөтү  Кыргыз Республикасынын 94 социалдык жана медициналык мекемелерине  USAIDдин «Тынчтык үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында 200 миң АКШ долларлык 77 тонна азык-түлүк берди. Витаминдер менен байытылган 3,9 миллион порцияга жарактуу тамак-аш кургак учук менен ооругандарга, кары-картаңдарга жана жетимдерге берилет.

14-июлда АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни Бишкек ш. №8 Үй бүлөлүк медицина борборунда болуп өткөн азык-түлүк жардамын өткөрүп берүү салтанатынын бирине катышты.

«Наркологиядагы альтернатива» фондунун жетекчиси Виктор Кузнецовдун айтымында USAIDдин «Тынчтыктын үчүн азык-түлүк» программасы өтө олуттуу. «Бул жардамдын артынан социалдык жактан аярлуу пациенттер, өзгөчө кургак учук же АИВ менен ооругандар, же жатаканаларда же баш калкалоочу жайларда жашагандар байытылган ысык тамакка жетишишет. Мындай тамактануу өзгөчө кыш мезгилинде абдан керек»,- дейт Виктор.  

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги USAID менен бирге калктын эң муктаж категориясын тейлөөчү мекемелерди тандашты. Бул программа USAIDдин «Кургак учукту жеңебиз» долбоору менен тыгыз кызматташтыкта иштейт  жана кургак учук менен ооругандарды жана алардын үй бүлөлөрүн алар толук айыгып кеткенге чейин узак жана татаал дарылануусун аяктоого мүмкүнчүлүк алышы үчүн маанилүү азык-түлүк менен камсыз кылат.
 

Акыркы 10 жыл ичинде АКШ өкмөтү USAIDдин «Тынчтык үчүн азык-түлүк» программасы аркылуу Кыргызстандын муктаж болгон жарандарына 35 миллиондон ашуун тамак-аш порциясын беришкен. Бул программа өлкөнүн экономикасын, билим берүүсүн жана коомдун саламаттыгын сактоосун жакшыртуу үчүн Америка эли колдогон Кыргыз Республикасындагы көптөгөн долбоорлордун бири. Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы USAIDдин веб-сайтына кириңиз: www.USAID.gov/Kyrgyz-Republic