Кыргызстандын гиддери жөө турлар боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүп жатышат

Беш күндүк тренинг өзүнө теориялык сабактарды жана эки күндүк жөө саякатты камтыйт.
Беш күндүк тренинг өзүнө теориялык сабактарды жана эки күндүк жөө саякатты камтыйт.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Жума, Май 26, 2017

Жыргалаң, Кыргызстан – 2017-жылдын 10-майынан 24-майына чейин, АКШнын  Өкмөтү, USAID аркылуу, Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы менен биргеликте 75 гид үчүн трекинг-турлар боюнча окутуу өткөрдү. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген гиддер кардарларды тейлөө, коопсуздуктун эл аралык стандарттары жана географиялык багыт алуу боюнча даярдык көрүшүп, жакшыртылган билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту. Беш күндүк тренинг өзүнө теориялык сабактарды жана 2300 метр бийиктикте жайгашкан Жыргалаң өрөөнүндө эки күндүк жөө саякатты камтыйт. Бул Кыргызстандагы трекинг-турлар боюнча мындай деңгээлдеги биринчи окутуу болду.  Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы иш-чараны мындан ары да улантууну пландаштырууда.

Трекинг, же жөө саякаттар, Кыргызстанга келген туристтер үчүн, айрыкча өлкөнүн кооздугу жана табиятына кызыккан европалыктардын арасында, негизги кызыкчылыктардын бири. Буга чейин жергиликтүү гиддерде трекинг боюнча жогорку сапаттагы даярдоо курстарына катышууга мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болуп келген. Ал эми, гиддердин жетишсиз деңгээлде даярдыгы туристтердин көңүлүн калтырып, туризм секторунун өсүшүнө тоскоолдук кылат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн USAIDдин “Бизнести өнүктүрүү боюнча демилге” долбоору жана Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы кесипкөйлүктү жогорулатуу, сапаттуу кызмат көрсөтүү жана  Кыргызстандагы туризмдин сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу максатында трекинг-турлар боюнча гиддер менен иш алып барышат.

“Бизде мурда  гиддер үчүн окутуу программалары болгон, бирок ушундай кызыктуу жана пайдалуу окутуу программа биринчи жолу болуп жатат. Адатта, катышуучуларга  теория гана берилчү. Бирок бул тренингде машыктыруучулар практиканын майда-чүйдөсүнө чейин ачып беришип, өзүнүн баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү,” - деп белгиледи Талант Токсонбаев, “Visit Alay” борборунун координатору жана “Ош Дестинациясы” бирикмесинин мүчөсү.