Араванда картошка эккен дыйкандардын кирешеси кескин түрдө өстү

Араванда картошка эккен дыйкандардын кирешеси кескин түрдө өстү
Араванда картошка эккен дыйкандардын кирешеси кескин түрдө өстү
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, Июль 6, 2016

АРАВАН – Араван Агросервис кооперативи USAIDдин  Агро горизонт долбоору аркылуу АКШ менен өнөктөшүп, картошка түшүмүн жана өз кирешесин 2016-жылы эки эсеге көбөйттү. Эрте бышуучу картошкага өтүү, сапаттуу үрөн эгүү, эффективдүү сатуу жана маркетинг ыкмалары боюнча окутуулар, 217 дыйкандан турган кооперативге картошка түшүмдүүлүгүн гектарына 10 тоннадан 25 тоннага көбөйтүүгө жана аны кымбатыраак баада сатууга жардам берди. 

USAIDдин техникалык кызматташтыгы аркылуу дыйкандар жогорку сапаттагы картошка үрөн фондун түзүштү. Ошондой эле, дыйкандар долбоордун эксперттеринен маркетинг жолдорун үйрөнүшүп, 600 тонна эрте бышар картошканы ири соода түйүндөрүндө сатышты. Сезон эмес маалдагы өндүрүү, жакшыртылган сорттор, сапаттуу үрөн, туура сорттоо, ажыратуу жана упаковкалоо аркылуу дыйкандар өндүрүм наркынан 50%га көп киреше көрүштү. Андан тышкары, базардагы баанын өзгөрүүсүнө байланыштуу келечек чыгымдарды азайтуу үчүн алдын ала сатып алуу келишимдерин даярдашты.

Мурда, картошка өндүрүү, бул дыйкандар үчүн анчейин гана пайдалуу болгон эмес, анткени кеч бышар картошка базар каныккан жана баалар төмөн учурда жыйналган. 2015-жылы, мол түшүмдөн баалар кескин түшүп, дыйкандар киреше көрө албай, өздөрүнүн өндүрүштүк чыгымдарын эптеп жабышкан эле.

Араван кооперативинин мүчөлөрүнүн бири Темиров Абдулхамиддин сөзү боюнча, эрте бышуучу картошка сортторуна которулуп жана жаңы айыл чарба технологияларын колдонуп, ал өткөн жылга караганда дээрлик он эсе көп киреше тапты. «Бул акча кызымдын той чыгымдарын төлөө үчүн гана эмес, ошондой эле кийинки жыл үчүн эки бука, төрт кой, жана сапаттуу картошка үрөнүн жана жер семирткичтерди сатып алууга жетиштүү болот,» - дейт Темиров.

Дагы бир кооперативдин мүчөсү Таджибаев Абдухалилдин айтканына караганда, ал жаңы үрөндү колдонуп жүргөн үрөнүнөн дээрлик эки эсе кымбат алганда, анын иниси күмөн санап турган. Бирок, ал үрөн мол түшүм жана киреше алып келгенда, ал күмөндөр жокко чыкты. «Азыр ал жана менин кошуналарым кооперативге жана долбоордун иштерине кошулууну каалап жатышат. Бул жакшы үрөнгө жана жер семирткичке кеткен акча көбөйүп кайтаарын далилдеген жакшы үлгү,» - дейт Таджибаев.

USAID Агро горизонт - Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарындагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана агрардык ишканалардын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөнү максат кылган төрт жылдык долбоор.