USAID "Агро горизонт" долбоору

44 миңге жакын чакан фермердик үй-чарбалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган окутуу жана техникалык жардам түрүндөгү колдоо көрсөтүлдү.
44 миңге жакын чакан фермердик үй-чарбалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган окутуу жана техникалык жардам түрүндөгү колдоо көрсөтүлдү.
USAID/Kyrgyz Republic

Узактыгы: 2014-жылдын 1-октябры – 2018-жылдын 30-сентябры

Бюджет: 22 миллион АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: ACDI/VOCA

Негизги өнөктөштөр: Helvetas, AIRD

Ишмердүүлүк аймагы: Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустары

Долбоор фермерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, рынокторду кеңейтүү, айыл чарбадагы тандалган кошумча нарк чынжырларынын атаандаштыгын жогорулатуу үчүн жеке сектор менен өнөктөштүктөрдү түзүү аркылуу чакан фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө багытталган. Долбоор айыл чарба секторунда, өзгөчө аялдар менен жаштар үчүн, кошумча жумуш орундарын камсыздайт, жана ошондой эле азыктуулугу жогору тамак-аштын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну көздөйт.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Жакырчылыкты кыскартуу жана агросектордо экономикалык өсүүгө түрткү берүү үчүн USAID Агро горизонт долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрүн рыноктор менен байланыштыруу, алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, агро-ишканалардын өндүрүмдүүлүгүн жана рыноктогу үлүшүн жогорулатуу, агроөнөржай тармагынын өнүгүшүнө ылайыктуу чөйрө түзүү, ошондой эле, долбоор иш алып барган аймактардагы (Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын областарында) аялдар менен балдардын азыктануу көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жардам берет.  

Долбоордун үчүнчү жылында, долбоор тандалган кошумча нарк чынжырлары менен иштеген ири, чакан жана орто агро-ишканалар менен кызматташып, алардын сырьелук базаларын өнүктүрүүгө, өндүрүш имараттарын жана жабдууларын заманбапташтырууга, азык-түлүктүн сапатын жана коопсуздугун камсыздоочу системаларды ишке киргизүүгө, ошондой эле кайра иштетилген продукциясын сатууга көмөктөшөт.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • USAID Агро горизонт долбоору өндүрүштүн, ошондой эле жаңы бышкан жана кайра иштетилген айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуунун көлөмдөрүн көбөйтүү максатында жеке сектордон 22,4 миллиондон ашык АКШ доллары инвестиция тартып колдоо көрсөттү. Жеке сектор менен кызматташуунун натыйжасында 42 миңден ашуун кожолук пайда көрө алат деп күтүлүүдө. Андан сырткары, кызматташтыктын натыйжасында фермердик чарбалардын деңгээлиндеги кошумча сатуулар 16,5 млн АКШ долларын түзөт, 792 жаңы толук жумуш орундары түзүлөт, ал эми кампалардын көлөмү 53,5 миң куб метрге жана өндүрүш көлөмү 27,5 миң тоннага чейин көбөйөт.
  • Долбоор финансылык көмөктөшүүнү камтыган механизмдер менен мобилдик төлөмдөр системасы сыяктуу альтернативдик каржылоо механизмдерин колдойт. Бул механизмдер фермерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, алардын өндүрүш каражаттарына жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын жеңилдетүүгө, жана жеке секторду сырьелук материалдар менен камсыздоого багытталган USAID Агро горизонт долбоору менен жеке сектордун кызматташуусун ары өнүктүрө берүүгө мүмкүндүк түзөт. 2017-жыл аяктаар маалда 8145 фермер үчүн инновациялык финансылык инструменттер аркылуу каржылоого жол ачылат.
  • USAID Агро горизонт долбоору Нарын жана Ош областтарынын тоолуу аймактарында 15 аял фермерге күнөскана курууга жардамдашууда. Бул кызматташтык 100 жумуш орундарын камсыздап, катышкан аялдар үчүн бир жылдык продукциясын сатуудан божомол менен 26 миң долларлык кошумча киреше алууга мүмкүндүк берет.
  • 2016-жылдын август айынан баштап, долбоор алкагында «Бизнес-Бизнес үчүн» (B2B) форматында бир нече жолугушуулар өткөрүлүп, ал иш-чаралар фермерлер менен кичи жана чакан ишканалар үчүн жалпы суммасы $5,7 миллиондук продукцияны экспорттук жана ички базарларда сатуу боюнча коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган.
  • Долбоор ишке кирген мезгилден баштап, айыл жергесиндеги жүгөрү, картошка, абрикос, пияз, жана жер-жемиштерди өстүргөн 44 миңге жакын чакан фермердик үй-чарбалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган окутуу жана техникалык жардам түрүндөгү колдоо көрсөтүлдү. Долбоордун божомолунда, акыркы эки жыл ичинде бул фермерлердин бир гектардан алган дүң кирешесинин орточо көрсөткүчү 1000 АКШ долларына көбөйгөн.
  • 2016-жылы, алыскы тоолуу аймактардагы 1600 кожолук бир жылда бир нече түшүм алуу, сезонсуз маалда полимердик плёнка менен жабылган туннелде жашылча-жемиштерди өстүрүү, ошондой эле, узак сакталган жашылча-жемиштерди өндүрүү боюнча өздөрүнүн  техникалык билимдерин бекемдеп, жакшырта алышты. Ар бир фермер сентябрь жана октябрь айларында жергиликтүү базарларда жана кошуналарына помидор, капуста, брокколи, калемпир жана бадырың, ал эми жаз айларында көчөттөрдү сатып, 0,02 га жерден орточо алганда 250 АКШ доллары киреше табууга жетишти.

ШИЛТЕМЕЛЕР

Агро горизонт долбоорунун Facebook баракчасы