Дүйнөлүк Деӊгээлде Тамак-аш Тармагында, Өнөктөштүктү, Натыйжалуулукту Жана Инновацияны Чыӊдоо Долбоору (SPRING)

SPRING долбоорунун жардамы менен жаш энелер туура тамактануу жөнүндө маалымат алышат
SPRING долбоорунун жардамы менен жаш энелер туура тамактануу жөнүндө маалымат алышат
SPRING / USAID/Kyrgyz Republic

Ишке ашыруу мөөнөтү: август 2014-жыл – сентябрь, 2016-жыл

Долбоордун бюджети: 5,2 млн АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: Проект SPRING

Негизги өнөктөштөр: КР Саламаттыкты сактоо министирлиги,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана меллиорация  министирдиги, БУУнун балдар фондусу,  USAIDдин АгроГоризонт долбоору

Долбоор ишке ашырылуучу аймак: Жалал-Абад областынын 10 району жана шаарлары  (Жалал-Абад шаары да кирет), Нарын областы

ДОЛБООРДУН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

2012-жылдагы Кыргызстандын демографиялык  жана ден соолук боюнча изилдөөсү беш жашка чейинки балдардын 18 пайызынын бою көп өспөй калганын көрсөттү. Ошондой эле, беш жашка чейинки балдардын 43% жана аялдардын 35% (15-49 жаштагы) анемиянын ар кандай түрлөрү аныкталды. SPRING, Кыргыз Республикасында балдардын боюнун өспөй калуусун жана аз кандуулукту азайтууга 11 далилдүү ыкмаларды өздөштүрүү аркылуу салым кошуу үчүн жергиликтүү жана улуттук деңгээлде иштейт.

Бул ыкмаларга толук кандуу эмчек эмизүү, өз убагында кошумча тамактандыруу, жыл бою тамак-аштын көп түрдүүлүгү, зыяндуу тамак-ашты кыскартуу жана колду жуу кирет. Алар Кыргызстанда аялдардын жана наристелердин жашоосунун биринчи 1000 күнүндөгү жүрүм-турумуна тиешелүү жана жергиликтүү жашоо шартына ылайыкташтырылган.

SPRING, тамактын түрлѳрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана азыктануу маселелери, окуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча USAIDдин Агро Горизонт долбоору менен иштейт. Ошондой эле, SPRING тамак-ашты коопсуз сактоо жана тамак-аштын түрдүүдүүлүгүн кыш мезгилинде камсыз кылууну жогорулатуу үчүн технологиялар менен ыкмаларды аныктоого жана алдыга жайылтууга көмөк көрсөтөт.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Улуттук деңгээлде, SPRING кош бойлуу аялдардын ден соолугун жакшыртуу үчүн анемия боюнча техникалык колдонмолорду жана протоколду түзүүгө колдоо кѳрсѳттү.

SPRING долбоору докторлор жана медициналык айымдарды даярдоо сабактарында туура тамактануу боюнча компонентти күчөтүп, ал сабактар 17 медицина окуу жайларында киргизилип жатат.

Атайын SPRINGдин жардамы менен түзүлгөн жумушчу топтун мите-курт ооруларын дарылоо боюнча клиникалык протоколун иштеп чыкты. Бул ооруну алдын алуу боюнча профилактикалык стратегиялык иштери жана материалдарынын иштелип чыкты.

2015-жылдын январынан бери SPRING долбоорунун туура тамактануу боюнча окууларынан 5069 медициналык кызматкер өттү.

Долбоор колдоп келген 27 оорукананын ичинен сегизи “Балага мээримдүү мамиле жасаган медициналык мекеме” статусун алды.  

SPRING долбоору 2,6 миң активисттер аркылуу туура тамактануу жана гигиена жөнүндө маалыматты кош бойлуу, бала эмизген аялдар жана эки жашка чейинки балдары бар 26,8 миң түтүнгө жеткиришет. Ал маалымат ЖМКлар аркылуу да таратылат.

Аялдарга жана жаш балдарга түрдүү тамак-ашка жол ачуу үчүн долбоор “Рецепттер китебин” жана “Азыктарды үй-шартында сактоо” атту китептерди басып чыкты. SPRING ар кандай айыл чарба долбоорлоруна жардам берип, тамактанууга байланышкан программалардын чечилишине көмөк көрсөтөт.

***