АКШ кыргыз туризмин саякатка арналган эл аралык басма сөз каражаттарына алып чыгууда

Он төрт блогер маданий жана жоруктуу туризм боюнча мүмкүнчүлүктөрдү чагылдыруу максатында өлкөнү кыдырып чыгышты.   
Он төрт блогер маданий жана жоруктуу туризм боюнча мүмкүнчүлүктөрдү чагылдыруу максатында өлкөнү кыдырып чыгышты.   
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Жума, Сентябрь 23, 2016

Белгилүү англис жана түрк тилдүү блогерлер 30-августтан 9-сентябрга чейин кыргыз туризмин алдыга жылдыруу максатында Америка Кошмо Штаттары USAIDдин “Бизнести өнүктүрүү боюча демилгеси” акрылуу уюштуруган атайын тур менен Кыргызстанга келишти. Он төрт блогер маданий жана жоруктуу туризм боюнча мүмкүнчүлүктөрдү чагылдыруу максатында өлкөнү кыдырып чыгышты.   

Үч күндө алар Ош, Өзгөн жана анын айланасындагы маданий жерлерди кыдырып, ат менен жол жүрүп, Соң-Көлө боз үйлөрдө түнөшүп, Ысык-Көлдүн түндүк-чыгышындагы Жыргалаңга жакын Тянь-Шань тоолоруна жөө жүрүш жасашышты.   

Кыргызстанга биринчи жолу келген NomadicSamuel.com-дун өкүлү Самуил Джефри тоолуу жаратылышка жана бийик тоолордогу көлдөргө таң калдганын айтат. “Жергиликтүү эл абдан меймандос жана ак көңүл экен. Алар бизди ар дайым ысык чай менен тосуп алып жатышты. Келечекте мен бул өлкөнү мындан ары да тереңирээк изилдегим келип турат”, - дейт Самуил. 

Биринчи турдан кийин блогерлер Чолпон-Атада чогулушуп, Караколго жана Жети-Өгүзгө барып келишти, Ысык-Көлдө кайык менен сүзүштү, жана экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышышты. Алар бүркүт салуу, жаа атуу оюундарына, театрлаштырылган оюндарды көрүшүп, Кырчындагы этно-шаарчада кыргыз музыкасынын чеберлери, кол өнөрчүлөр жана башка кыргыз маданиятынын өкүлдөрү менен жолугушушту. Мындан тышкары, алар күрөш, ат чабыш, сыяктуу салттуу көчмөндөр спортуна күбө болушту. 

WildJunket.com-дун өкүлү, атактуу саякатчы-блогер Нелли Хуангдын сөзү боюнча, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аларга элдер менен тыгыз баарлашуу аркылуу абдан чоң маданий тажрыйба берди. «Чын эле, Борбордук Азияда саякатчыларга көчмөндөрдүн  маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген мындай деңгээлдеги башка маареке жок», - дейт Нелли Хуанг.

Блогерлердин #DiscoverKyrgyzstan хэштеги менен чыккан постторун, DiscoverKyrgyzstan-дын Фейсбуктагы, Твиттерддеги жана Инстаграмдагы баракчалар аркылуу да окусаңыз болот.

«Бизнести өнүктүрүү USAID демилгеси» долбоору – бул кийим тигүү жана курулуш материалдарын өндүрүү сыяктуу экономикалык секторлордон тышкары Кыргызстандын туризм боюнча атаандаштыгын арттырууга жана чыңдоого арналган төрт жылдык долбоор.