USAID дыйкандардын «Фрунзе» супермаркеттери менен коммерциялык байланыш түзүүсүнө көмөктөшүүдө

"Бизнес үчүн бизнес" жолугушуунун катышуучулары
"Бизнес үчүн бизнес" жолугушуунун катышуучулары
USAID / Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, August 25, 2016

БИШКЕК - 9-10-августта USAID «Агро горизонт» долбоору «АгроЛид» коомдук бирикмеси аркылуу дыйкандар жана агрардык ишканалар үчүн Бишкекте жана Ошто «бизнес үчүн бизнес» (B2B) форматындагы жолугушууларды уюштурду. Жолугушууларда 58 фермер, чакан жана орто ишканалар өлкөдөгү эң ири соода тармактарынын бири «Фрунзе» супермаркетине чийки жана кайра иштетилген айыл чарба продукцияларын өткөрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алышты.

Жолугушууларда тогуз катышуучу «Фрунзе» менен мөмө жемиштерди, алардын кургатылган кактарын, ширелерин, жана сүт азыктарды үзгүлтүксүз жөнөтүү боюнча 365 миң АКШ доллардан ашык бааланган келишимге кол коюшту. Мындан тышкары, дагы жети катышуучу келишим шарттарын талкуулоону жолугушуудан кийин улантышты.

«Фрунзе» соода тармагы Кыргызстанда жети чоң супермаркеттен турат. Алар Казакстанда жана Европа мамлекеттеринде өзүнүн бизнесин кеңейтүүнү пландаштырып жатышат. Андыктан, аталган компания учурда эл аралык стандарттарга жана базар шарттарына шайкеш келген жогорку сапаттуу жергиликтүү азыктарды издөө менен алек.

«Биз супермаркеттер аркылуу өтө ыкчам өнүгүп жаткан соода мамилелер маданиятын ишке киргизүү менен, өндүрүүчү, кайра иштетүүчү ишканалар жана жеке ишкерлер ортосундагы тыгыз кызматташтыкты жөнгө салууну көздөйбүз. Биз жогорку стандарттарга жооп берген сапаттуу азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз камсыздап туруучуларды издеп жатабыз. Жаңы жана кайра иштетилген азык-түлүктөр менен камсыздоо үчүн жакында эле Бишкек шаарынан анча алыс эмес жерге логистикалык борбор ачтык, ал эми ушул жылдын сентябрь айында Ош шаарында жаңы борбордун курулушун баштаганы турабыз»,- дейт «Фрунзе» соода тармагынын директору Бактыбек Аматов.

Бул жолугушуулар өндүрүүчүлөр менен рынокту тыгыз байланыштыруу максатында USAID уюштуруп келген көптөгөн иш-чаралардын бири. 2014-жылдан бери, USAID «Агро горизонт» долбоору өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, продукция сапатын жакшыртуу жана айыл чарба рыногун кеңейтүү аркылуу Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областарынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кирешесин көбөйтүүгө иштеп келет. АКШнын техникалык колдоосу түшүмдүүлүктү эки же үч эселеп арттырып, рынок менен байланышты жакшыртууга жана продукцияны жогорку баада сатууга өбөлгө түзүп жатат.

USAID «Агро горизонт» долбоору – Кыргыз Республикасында ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана калкты жумуш менен камсыздоону жогорулатуу максатында АКШнын колдоосу менен ишке ашып жаткан экономикалык өнүгүү жаатындагы көптөгөн демилгелердин бири. Кошумча маалымат үчүн төмөнкү сайтты караңыз: https://www.usaid.gov/kyrgyz-republic