АКШ Таластын китепканаларына 13 миңден ашуун китеп тапшырды

Шаршенби, Сентябрь 20, 2017
Жалпысынан, USAID республика боюнча 86 китепканага 145 506 китеп тапшырып жатат.
Айзада Карыбекова, АКШ элчилиги

15-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мельцер Талас облусунун сегиз китепканасына 13 560 китеп тапшырды. Ар бир китепкана жаш окуучуларга ылайкыталган жомоктор, ырлар, аңгемелер, табышмактардан турган 1695 китеп алды. Бул китептер баштапкы класс окуучулардын окуу көндүмдөрүн өөрчүтүүгө багытталган “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында берилди.

Китептерди тапшыруу аземи Талас облустук китепканада Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Талас облусунун билим берүү бөлүмүнүн жана китепканалардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Жалпысынан, USAID республика боюнча 86 китепканага 145 506 китеп тапшырып жатат.

“Бирге окуйбуз” долбоору аркылуу USAID жана Билим берүү жана илим министрлиги жаңы ыкмалар жана жакшыртылган материалдар аркылуу жаш балдардын окуу көндүмдөрүн жакшыртууга көмөктөшөт. Долбоор өлкө боюнча 60% мектептерди камтып, 260 миңден ашуун окуучуга текст окуп түшүнүүсүн өөрчүтүүгө жардам берип жатат. Ал эми бул жөндөм жалпы билим алып, келечекти кеңейтүүгө чоң өбөлгө болот.