USAID колдоосу менен Кыргызстандын кийим тигүү ишканалары Париждеги көргөзмөгө катышты

Дүйшөмбү, Октябрь 2, 2017
Кыргызстандык делегация көргөзмө учурунда 50 потенциалдуу сатып алуучу менен жолугушуп, өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
USAID/Kyrgyz Republic

18-21-сентябрда кыргызстандык кийим тигүү ишканалары Парижде өткөн тигүү өнөр жайында камсыздоочуларды табууга багытталган көргөзмөгө алгачкы жолу катышышты. Бул сапар Кыргызстандын тигүү өнөр жайын эл аралык рынокторго чыгаруу аракетинин алкагында, АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланды.

Көргөзмөдө 14 тигүүчү ишкана Европалык сатып алуучулары менен жолугушуп, Европадагы кийим тигүү өнөр жайы жана андагы дүйнөлүк конкуренция тууралуу маалымат алышты. Кыргызстандык делегация көргөзмө учурунда 50 потенциалдуу сатып алуучу менен жолугушуп, өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн чакан буюртмаларды кабыл алып, тез арада жеткирип бере алгандыгы Азиядагы айрым атаандаштарына салыштырмалуу артыкчылык экенин потенциалдуу сатып алуучулар белгилешти. Андан тышкары делегация Европа жана башка өнүккөн рыноктор менен иштөө талаптары менен таанышты. Белгилей кетчү жагдай – бул эл аралык рынокторго кирүүдөгү эң маанилүү талаптардын катарына жумушчулардын саламаттыгы, коопсуздугу жана эмгекти коргоо сыяктуу социалдык жоопкерчилик талаптары кирет.

“Мен социалдык жоопкерчилик талаптарына ылайык иштөө канчалык маанилүү экенин ушул жерден түшүндүм. Сапат жана бааларды сүйлөшөөрдөн мурда, бардык кардарлар социалдык жоопкерчилик талаптарына туура келишибизди билгиси келди”, - дейт Cool Bros. ишканасынын ээси Сүймөнкул Жолдубаев.

Кыргыз тигүү өнөр жайы текстиль жана кийим тигүү өндүрүштө чоң тажрыйбага ээ жана азыркы учурда Бишкек жана анын айланасында иштеген 500дөн ашуун чакан жана орто ишканалардан турат. Акыркы жылдарда USAID Кыргызстандын алдыңкы ишканалары менен эл аралык сатып алуучуларга ылайыкташтырылган сатып алуу чөйрөнү жакшыртуу максатында биргелешип иштешип келет. Эл аралык сатып алуучулардын кийимдерин Кыргызстанда тигүүгө шарт түзүү – экспорт мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.