Кыргыз Республикасында адвокаттар коомчулугун колдоо

Долбоордун мөөнөтү: 1-февраль, 2012-ж. – 30-январь, 2017-ж.

Бюджет: 2,799,100 АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыруучу уюм: Америкалык юристтер ассоциациясынын мыйзамдуулук боюнча программасы (ABA ROLI)

Негизги өнөктөштөр: Юстиция министирлиги, Адвокатура, Адвокаттарды окутуу борбору, Юридикалык клиникалар ассоциациясы, жогорку окуу жайлардын юридика факультеттери жана университеттердин юридикалык клиникалары

Долбоор камтыган аймак: республика боюнча
 

Бул долбоор, Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүктү орнотуу, коомчулуктун сот ишине ишенимин арттыруу жана мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылуу максатында, адвокаттардын жана келечек-муун юристтердин билим деңгээлин жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Эффективдүү сот адилетүүлүгүн орнотуунун негизги элементи – жогорку деңгээлде даярдалган, көз-карандысыз жана өзүн-өзү башкарган, уюшулган адвокаттар биримдигин түзүү. Адвокаттардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу аркылуу, коомчулуктун, укук системасын, мыйзамсыздык менен күрөшүүчү жана нааразычылыктарды чечүүчү, ишенимдүү курал катары кабыл алуусу камсыздалат. Ушул максаттарга жетүү үчүн, долбоор төмөнкү багыттарда иш алып барат:

  • Улуттук жана аймактык адвокатураларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле адвокаттардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.
  • Жарандарга жогорку профессионалдык деңгээлде укуктук жактан коргоо мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү максатында, юристтердин жаңы муунуна керектүү деңгээлде билим берүү.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Көз карандысыз жана өз алдынча башкарылуучу адвокатураны түзүү алкагында укуктук базаны иштеп чыгуу. Долбоор жалпы адвокатура бирикмеси, аймактык адвокатуралардын түзүлүшүнө негиз болгон Адвокатура жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышында (2014-жылдын, июль айында күчүнө кирди) эң маанилүү роль ойноду. Ошондой эле, долбоор адвокатуранын ички документтерин иштеп чыгууда, стратегиялык пландаштырууда көмөк көрсөтүп, башкаруу жаатында окууларды өткөрүп, адвокатуранын күч-кубатын бекемдөөгө чоң салым кошту.
  • Болочок адвокаттар үчүн жаңы квалификациялык сынак системасын иштеп чыгуу жана аны чынчыл, ачык жана адилеттүүлүк негизинде өткөрүү. Калыс, ачык-айкын сынак өткөрүү максатында, ABA ROLI жана USAID жаңы электрондук сынак системасын Юстиция министрлиги менен тыгыз кызматташуунун негизинде ишке ашырды (2014-жылдын октябрь айында биринчи электрондук сынак ийгиликтүү өткөрүлдү). Сынактын суроолоррун жаңыртуу багытында иштер мерчемделип жатат. 
  • Адвокаттардын профессионалдык деңгээлин туруктуу жана сапаттуу жогорулатууну камсыз кылуу. Долбоордун иш-аракети, Кыргызстандагы алдыңкы кесиптик окутуу мекемеси - Адвокаттарды окутуу борборунун жардамы аркылуу, адвокаттарга кесиптик, үзгүлтүксүз окууларды уюштурууга да багытталган.
  • Жаңы муун адвокаттарга практикалык илим-билим берүү. Долбоор, укуктук билим берүү сапатын жогорулатуу максатында юриспруденция факультеттериндеги уюшулган юридикалык клиникаларды колдоп келет жана жаңы клиникаларды түзүүдө иш алып барат. Ушул максатта 2015-жылдын апрель айында ABA ROLI Кыргызстанда Юридикалык клиникалардын ассоциациясын уюштурулушун колдоду. ABA ROLI клиникалык окутуу стандарттарын унификациалоо багытында иш алып баратат.