КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУГУН БЕКЕМДӨӨ

Мөөнөтү: сентябрь 2013 – март 2017

Бюджет: 2,1 млн АКШ доллары

Ишке ашырган өнөктөш: Freedom House

Негизги өнөктөштөр: Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын алдын алуу улуттук борбору, Акыйкатчынын институту, Либералдуу жаштардын союзу «Эркин муун», «Бир дүйнө -Кыргызстан», «Youth of Osh, веб-портал «Азаттык үнү» (vof.kg)

Иштөө аймагы: республика боюнча

 

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Freedom House жергиликтүү жана эл аралык адам укугун коргоо уюмдары жана өкмөт аралык ведомстволор менен тыгыз иш аркылуу уюшумдуу аракеттерди колдоп, өкмөттүн деңгээлинде жана кеңири коомчулук арасында адам укугун коргоону өнүктүрүүгө кызыкдар тараптар менен иш алып барат жана адам укугун коргоо ишин институционалдаштыруучу реформаларды жактап келет. Кыргыз Республикасында 10 жылдан бери иштеп келген Freedom House өлкөнүн жарандарынын укугун алдыңкы орунга коюу үчүн коомдук иш-чараларды, майрамдарды жана билимди жайылтат.

Freedom House Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз иштешип, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна жана КР Акыйкатчы институтуна эл аралык стандарттарды жана мыкты тажрыйбаларды үйрөтүү боюнча окууларды уюштурат. Мындай ишмердүүлүк адам укугун коргоо жаатында иштеген улуттук мекемелерге жарандардын арыз-даттанууларын карап чыгууда жана ар бир жарандын укугун жана эркиндигин коргоого көмөк көрсөтөт.

Freedom House бир нече жарандык коом уюмдары менен бирдикте реформаларга муктаж жана мүмкүн болгон тармактарда тыгыз иштешип келет, айрыкча аярлуу катмарлардын укугун коргоодо жана Ички иштер министрлигинде жүрүп жаткан реформаларга мониторинг жүргүзүү иштеринде. Андан сырткары, долбоор жогоруда аталган өнөктөштөргө уюмду башкаруу жана иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртууда көмөк көрсөтүп, аларга Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоо иштерин туура, туруктуу жана натыйжалуу алып барууга жардам берет.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

2016-жылдын май жана июнь айларында Freedom House КР Акыйкатчы институтунун 10 адиси жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 40 адисине окууларды уюштурган. Акыйкатчы институтунун адистери соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү боюнча окуулардан да өтүштү. Акыйкатчы институту менен биргеликте келечекте мыйзам чыгаруунун милдетүү анализин (коррупцияга каршы, айлана-чөйрөнүн абалы, гендердик теңдик, адам укугу жана укук-ченемдик) жүргүзүү жана уюмдун миссиясы, абалы жана ишмердүүлүгү туурасында окууларды уюштурууну камтыйт.

«Жаштардын укук коргоо тобу» менен өнөктөштүк алкагында Freedom House Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун адистери үчүн абак жайларга мониторинг жүргүзүү тууралуу окууларды өткөргөн. Окуулар абак жайларга бааруунун туура жол-жобосун гана эмес, ал иш-аракеттердин узак мөөнөттүү өнүгүү методологиясына да басым жасаган. Аталган методологиянын негизинде 2016-2017-жылдар аралыгында Борбор тарабынан абак жайларга 1200 ирет баруу иштери пландалган.

Freedom House жарандык коом уюмдары менен тыгыз иштешип, алардын профессионалдуулугун жана туруктуулугун жакшыртуу аркылуу адам укугун коргоо жаатындагы маселелерди жактоого жана тийиштүү көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүгө жардам берип келет. 2014-жылдан берки өнөктөш уюм «Эркин муун» либералдуу жаштардын союзу Ички иштер министрлигинде реформаларды жүргүзүү боюнча иштешсе, 2015-жылдан тартып «Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму өнөктөштүктүн алкагында Өкмөт тарабынан чогулуулардын жана биригүүлөрдүн эркиндиги туура сакталып жатканына көзөмөл иштерин жүргүзүп келет. «Youth of Osh» коомдук бирикмеси Кыргызстандын түштүк региону боюнча негизги өнөктөш катары «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жаатында иштешет.

«Войс оф Фридом» коомдук фонду Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатындагы маселелерди басма сөз жана интернет тармагында кеңири чагылдырып келет. Долбоордун жардамы аркылуу фонд адам укугун коргоо туурасында 60 макала басып жарыялаган жана 6 миң нускадагы гезитин өлкөнүн бардык аймактарына тараткан. 

2015-жылдын июнь айынан бери Freedom House эл аралык адам укугун коргоого арналган коомдук аземдерди уюштурду, аларда 5226 адам катышкан.

Freedom House Адам укуктарынын мектеби аркылуу жаштарды адам укугу жана укук коргоо туурасында окутуп, Кыргызстанда адам укугун коргоочулардын жаңы муунун тарбиялап жатат. Ушул убакытка чейин, бул мектептен 165 жаштар өттү.

2016-жылдын январь айынан баштап сөз эркиндигин, тынч жыйындарды өткөрүү эркиндигин коргоого, балдардын жана аялдардын, ошондой эле ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укутарын илгерилетүүгө багытталган 10 (он) кыска мөөнөттүү долбоорлор ишке ашырылды.

Вебсайттар:

www.freedomhouse.org