АИВ менен жашаган адамдар үчүн ЛИДЕР долбоору

Узактыгы: 2014/08 – 2017/08

Аймактык бюджети: 335,077 $

Ишке ашырган уюм: АИВ менен жашагандардын Борбор Азиялык Ассоциациясы

Ишке ашырылган жер: Кыргыз республикасы, Казакстан, Тажикстан

 

ЛИДЕР долбоору АИВ менен жашаган адамдардын Борбор Азиялык Ассоциациясынын, анын Секретариатынын жана Казакстан, Кыргыз республкасы менен Тажикстан бөлүмдөрүнүн лидерлик жана уюштуруучулук потенциалын өркүндөтүүгө багытталган. Бул стигмаларды жана дискриминацияны четтетүү боюнча натыйжалуу иш алып барууга, АИВтин алдын алуу жана дарылоонун комплекстүү системасына бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздоого жана ошондой эле АИВ менен жашаган адамдардын укугун бузууларга жооп кайтарууга арналган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

  • Ассоциациянын Секретариатынын уюштуруучулук жана лидерлик потенциалын жогорулатуу;
  • АИВ менен жашаган адамдар үчүн сапаттуу тейлөөгө мүмкүнчүлүктү жакшыртуу максатында стигмаларга жана дискриминацияга каршы күрөшүүдө Ассоциациянын улуттук бөлүмдөрүнүн иш көндүмүн жакшыртуу;
  • АИВ менен жашаган адамдар үчүн тейлөөгө ченемдик барьерлерди азайтуу үчүн  Ассоциациянын улуттук бөлүмдөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көтөрүү;
  • АИВ менен жашаган адамдар үчүн тейлөөгө тегиз мүмкүнчүлүк болушун камсыздоочу  сапаттуу системаларды түзүү үчүн АИВ менен жашаган адамдардын уюмдарынын идеяларды чыгарууга багытталган көндүмдөрүн жакшыртуу.

КҮТҮЛГӨН МАЙНАП ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • АИВ менен жашаган адамдар үчүн сапттуу тейлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана аларды тейлөөгө мүмкүнчүлүктү чектөөчү  баалоо , программалык барьерлерди азайтуу максатында эдвокаси жаатында Ассоциациянын потенциалына баа берүү жүргүзүлдү;
  • 2014-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө конференция өттү, ага Улуттук Ассоциациялардын демилгелүү лидерлери катышты. Алар мамлекеттик башкаруу, шериктештик, лидерлик көндүмдөр жага башкалар боюнча окутуудан өттү;
  •  2014-жылдын ноябры. Душанбеде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын коомчулугунун лидерлери үчүн эдвокаси планын иштеп чыгуу боюнча семинар өткөрүлдү. Катышуучулар ар бир өлкөдө АИВ менен жашаган адамдардын укугу бузулган мисалдарды жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулашты . Алар райондук жана улуттук деңгээлде эдвокаси боюнча план иштеп чыгышты.

2015

  • Уюштуруучулук жана лидерлик потенциалды жогорулатуу максатында АИВ менен жашаган адамдардын БААсы (Борбор Азиялык Ассоцициясы) коомчулук мүчөлөрү үчүн эдвокаси, мониторинг, балоо, адам укугун сактоо, АИВ чөйрөсүндө адам укугун сактоо боюнча инструкторлорду окутуу, АИВ менен жашаган адамдарга жана элдин аялуу катмарына медицина кызматкерлеринин толеранттуу мамилесин түзүү боюнча  бир катар тренингдерди , семинарларды өткөрүштү. Шымкент, Темиртау, Душанбе жана Бишкекте өткөрүлгөн тренингдерге Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын ӨЭУларынан, жана 300 ашуун АИВ менен жашаган адам катышты.
  • Борбор Азияда биринчи жолу  «Стигма индексине » изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөө АИВ менен жашаган адамдардын БААнын ишмердүүлүк алкагында, UNAIDS жана  Аймактык колдоо тобу (RPG), ЮСАИДдин «Саламаттык сактоодогу саясат маселелери боюнча демилге» аттуу долбоорунун колдоосу менен, үч өлкөдө – Казакстан, Кыргызстан менен Тажикстанда жүргүзүлдү. Коомчулуктун 680 адамы изилдөө үчүн атайын окутуудан өттү. Изилдөөнүн натыйжалары улуттук отчет формасында тапшырылды. Изилдөө аяктаганда бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн аймактык жолугушуу уюштурулуп, анда «Стигманын индекси» боюнча жыйынтыктарды угуп, натыйжалары менен таанышты жана стигма менен дискрминацияны азайтуунун мындан аркы чараларын иштеп чыгышты. 
  • 3-5-декабрда ЮСАИД менен АИВ менен жашаган адамдардын БАА ал адамдардын Экинчи аймактык форумун өткөрдү. Ага Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрликтери, Улуттук координациялык борборлордун Секретариаты, Аялдар жана балдар иши боюнча комитеттер, Республикалык ЖИКС борборлору, БУУнун жана ЖИКС  Чыгыш-Батыш Фондунун  агентчиликтери катышты.  Форумдун максаты –  стигманы жана дискриминацияны азайтуу жана  жоготуу, АИВ менен жашаган адамдардын ассоциациялары менен аймактык кызматташууда приоритеттерди аныктоо, АИВтин алдын алуу боюнча маалыматтарга жана АИВ менен жашаган адамдарды колдоо боюнча программаларга кол жетимдүүлүктү камсыздоо, АИВ менен иштеген мамлекеттик жана жарандык уюмдардын шериктештигин жана кызматташтыгын өркүндөтүү багытында уюмдар ортосунда диалог жана маалымат алмашуу болду.
  • АИВ менен жашаган адамдардын коомчулугун ал адамдардын БААнын иши менен тааныштыруу максатында www.capla.asia веб-сайты иштелип чыгып, ишке киргизилди анда орус жана англис тилинде маалыматтар бар. Facebook и Instagram желелеринде кошумча катоо жазуулары бар. АИВ менен жашаган адамдардын жана ал адамдардын уюмдарынын иштеги ийгиликтери тууралуу макалалар дайыма жарыя болуп турат. Бул аракеттер аймактардагы коомчулук лидерлерин  таанымал кылууга өбөлгө болот.

2016

  • АИВ менен жашаган адамдарды укук жаатында кабардар кылып туруу үчүн жана ал адамдарды медициналык кызматкерлер тарабынан стигмаланып, дискриминацияланышын азайтуу үчүн Алматыда, Душанбеде, Шымкентте жана Бишкекте бир катар каскаддуу тренингдер өттү. Душанбеде пландагы 1 тренингдин ордуна 160 адам катышкан 5 тренинг өттү. Шаардык №9 жана №1  ден соолук борборунун башкы дарыгеринин орун басарлары жана ар кыл профилдеги дарыгерлер, башкы дарыгерлер, башкы медайымдар катышкан шаардык  саламаттык сактоо департаментиндеги  тренингдер ийгиликтүү өттү.
  • 29-апрелден 5-майга чейин, Таиланд, Бангкокто АКШ Президентинин ЖИКС (PEPFAR) менен күрөшүү үчүн   Өзгөчө кырдаалдагы планынын алкагында 2016-жылдагы Улуттук жана Аймактык ишкер пландардын аткарылышы боюнча обзордук жолугушуу өттү. АИВ менен жашаган адамдардын БААнын Президенти Нурали Аманжолов жолугушууга демилгелүү түрдө катышты. Андан тышкары ал АИВ менен жашаган адамдар Азия-Тынч океан тармагына (APN) эл аралык визит жасады. Визит учурунда ал адамдардын көйгөйлөрү, APN менен байланышуу жолдору, келечекте кызматташтык жана тажрыйба алмашуу боюнча талкуулар уюшулду.
  • Кабардар болуп жана тажрыйба алмашып туруу максатында АИВ менен жашаган адамдардын БААнын мүчөлөрү көптөгөн жолугушууларга катышты, мисалы, UNAIDSтин аткаруучу директору Мишель Сибиде менен Астанада жолугушту, Киевдеги АИВ менен жашаган адамдардын жалпы украин тармагында болушту, Чыгыш Европада, Борбор Азияда жана Москвадагы АИВ/ЖИКС боюнча бешинчи Эл аралык конференцияга барышты.
  • 2016-жылдын 24-27-июлунда Кыргызстанда АИВ менен жашаган адамдардын уюмдарын өнүктүрүү жана алардын  туруктуулугун бекемдөө максатында «Өкмөттүк эмес уюмдарды өнүктүрүү: менеджмент, коммуникациялар жана шериктик тармактар» деген тренинг өттү. Катышуучулар менеджмент жана уюмду, программаларды, долбоордук кирешелерди өркүндөтүү, натыйжалуу тышкы жана ички коммуникацияларды куруу  жаатында  компетенция деңгээлин жогорулатышты.