Саясий жараяндарды колдоо программасы: Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES)

Атасы баласына шайлоонун маанисин түшүндүрүп жатат. Демократия лагеринин бүтүрүүчүлөрү тарткан тасма.
Атасы баласына шайлоонун маанисин түшүндүрүп жатат. Демократия лагеринин бүтүрүүчүлөрү тарткан тасма.
IFES / USAID

Мөөнөтү:  октябрь, 2016-ж. – сентябрь, 2021-ж.

Консорциумдун бюджети: $10 млн

Долбоорду ишке ашырган уюм: Шайлоо системалардын эл аралык фонду (IFES)

Негизги өнөктөштөр: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, Мамлекеттик каттоо кызматы, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү Академиясы

Долбоор камтыган аймак: республика боюнча

Бул программанын алкагында IFESтин ишмердүүлүгү шайлоо комиссияларынын профессионалдыгын жана дараметин күчөтүүгө, ошондой эле Кыргызстан жаштарынын  жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Программа Шайлоо жана саясий жараяндарды бекемдөө консорциумунун (CEPPS) үч мүчөсү  тарабынан ишке ашырылат. Бул консорциумдун мүчөлөрү: Эл аралык республикалык институт (IRI), Улуттук демократиялык институт (NDI) жана Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES). Программанын алкагында IFES төмөнкүлөр менен алек:

  • Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) стратегиялык пландаштырууда, шайлоо мыйзамдарын жана жол-жоболорду жакшыртууда, шаайлоо комиссияларын окутууда, шайлоочулардын маалымат менен камсыздоодо көмөктөшүү;
  • БШК менен бирге жол-жоболорду жакшыртуу аркылуу саясий жараяндарга аз катышкан калктын катмарларын кошуу;
  • Шайлоо мыйзамдарын реформалоо боюнча саясий нейтралдуу техникалык экспертизаны көрсөтүү;
  • Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жана  шайлоо күнү көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу; 
  • Интерактивдүү иш-чаралар аркылуу жарандык активдүүлүккө үндөө, ошондой эле шайлоочуларга билимин күчөтүү.

КҮТҮЛГӨН МАЙНАП ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Бул долбоордун алкагында, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жаштар топторунун жалпы демилгеси адис жана баарын камтыган шайлоо жараянын камсыз кыла алышары күтүлөт. Бул программа алдыңкы эл аралык тажрыйбаны алып келүү жана укуктук жана процедуралык реформалардын коштоосундагы институционалдык өнүгүү аркылуу шайлоо жараянын жана саясий маданиятты өөрчүтүүнү көздөйт.

IFES шайлоо жараянын өнүктүрүү, шайлоочуларды каттоо жана идентификациялоо, шайлоочуларды агартуу, шайлоо комиссиялардын ишин күчөтүү боюнча БШК жана МКК менен иш алып барат. Ошону менен бирге программа стратегиялык пландаштыруу аркылуу жана шайлоону башкарууда алдыңкы тажрыйбаны үйрөтүү аркылуу БШК жана МККнын мекеме катары күчөтүүнү коздөйт.

IFES 2016-жылдын декабрь айында Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы улуттук референдумга жана жергиликтүү шайлоону өткөрүү боюнча даярдык көрүүдө БШК жана МКК менен тыгыз байланышта иш алып барды. IFES БШК менен бирге шайлоо боюнча окуу материалдардын жана колдонмолорду жаңы мыйзамга ылайыкташтырды. Андан тышкары, программанын алкагында жасалган видео-тасмалар жана плакаттар добуш берүүнүн жол-жоболорун шайлоочуларга жеткирүүдө чоң жардам көрсөттүү.

Андан кийин, 2017-жылдын февраль айында атайын жолугушууда өткөн шайлоого байланыштуу маселелер талкууланды. Шайлоого байшанышкан ар тараптар шайлоо процессинин айкындуулугун жогорулатууда, келечектеги аракеттер боюнча сунуштарын жана шайлоону башкаруу системасын бекемдөө боюнча өз пикирлерин айтышты.

IFES Кыргызстанда шайлоону башкаруу органдарын даярдоо боюнча электрондук окутуу платформасы аркылуу колдоо көрсөтүп келет, ошону менен бирге БШКнын башкаларды окутуу боюнча  дараметин бекемдейт. IFES шайлоо мыйзамдарын реформалоо боюнча жумушчу тобунун мүчөсү, шайлоо коркунучтарынын лабораториясына (ШКЛ) кеңешмелерди өткөрүү боюнча көмөк көрсөтөт жана акыркы шайлоо тенденцияларын баалоо жана анализдөө боюнча жергиликтүү эксперттердин форумун камсыз кылат.

2016-2017-окуу жылында Кыргызстандын орто мектептеринин жаран таануу мугалимдери, жарандык билим берүү боюнча мугалимдер үчүн Ресурстук китебинин электрондук версиясын колдонуп жатышат. Бул китеп атайын көнүгүүлөрдү, тексттерди, сабакты уюштуруу боюнча методикалык сунуштамаларды камтыган. Андан мурда, китептин 2400  CD-версиясынын көчүрмөсү мектептерге таратылган. Андан сырткары, IFES Демократия лагерлерин өткөрүү жана бүтүрүүчүлөрдү колдоо аркылуу жаштарды жарандык активдүүлүккө үндөп келет.