Сот системасын бекемдөө программасы

Мөөнөтү: Сентябрь 2011 – сентябрь 2017.

Бюджети: 6.6 млн. АКШ доллары

Долбоорду ишке ашырган уюм: Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюм (IDLO) 

Негизги шериктештер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Сот департаменти, Соттор Кеңеши,Соттордун окуу борбору (Сот адилеттигинин жогорку мектеби)

Долбоор камтыган аймак: республика боюнча

 

Программа өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгын жана натыйжалуулугун күчөтүп, ак ниеттүүлүгүнө өбөлгө болот.

ИШМЕРДҮҮЛҮК БАГЫТТАРЫ

  1. Соттордун көз карандысыздыгын жогорулатуу;
  2. Сот системасында кызматкерлердин дараметин күчөтүү;
  3. Сот системасынын ак ниеттүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу;

НАТЫЙЖАЛАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР 

  • Программанын техникалык колдоосунда Кыргыз Республикасында 2014-2017-жж сот системасын өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Бул программанын алкагында, сот системасын каржылоо эки эсе жогорулап, сотторду даярдоо, электрондук сот системасы, эмгек акылар жана сот органдарынын инфраструктурасы жакшыртылды.
  • Долбоордун алкагында колдоого алынган мамлекетик уюмдардын, анын ичинде соттордун, көз карандысыздыгын жогорулатуу жана коррупцияны азайтууга багытталаган кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынууда. Мыйзамдын акыркы версиясы 2017-жылдын жазында ишке кирери күтүлөт.
  • Сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана жарандардын алдында жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган бир катар мыйзамдар: сот аткаруучулар, сот маалыматына жол ачуу боюнча мыйзамдар жана этикалык кодекс кабыл алынды. Аларды ишке ашырууну да программа колдоп жатат. Мисалы, сот залында коопсуздукту камсыз кылуучу 300 дөн ашык адамдан турган бөлүмдү түзүүдө көмөктөшүп жатат.
  • КТРКнын миңдеген телекөрүүчүлөрү соттун ролу, сот жараяндары жана катышуучулардын укуктары жөнүндө “Ачык Айкын” укуктук программасы аркылуу үйрөнүштү.
  • 2016-жылы кабыл алынган мыйзамы менен Соттордун окуу борбору Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебине айланды. Натыйжада анын кызматкерлеринин саны үч эсе өсүп, сотторду даярдоочу туруктуу мекемеге айланды.
  • Программа иштеп жаткан соттор, жаңыдан дайындалган соттор жана соттукка талапкерлер, ошондой эле соттун башка кызматкерлери үчүн милдеттүү окутуу программалары иштелип чыкты. Программа аркылуу 250дөн ашуун сот жана 73 кызматкерлер окуудан өттү.
  • 8 миңден ашуун нускада түрдүү темаларга соттор жана башка адистер үчүн сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнактары, соттун «күнүмдүк китептери», комментарийлер сыяктуу маалымдама материалдарды жарык көрдү.
  • Сот системасындагы чечимдерди кабыл алуу жараянын жакшыртуу максатында жазык жана жарандык иштер боюнча “Сот актыларына талдоо жүргүзүү методикасы” иштелип чыкты. Бул методика Жогорку сотто да колдонулуп жатат.
  • Долбоор сот системасына маалымат технологиялары боюнча да жардам көрсөтүүдө. Мисалы, Конституциялык палатада электрондук иш кагаздарын жүргүзүү программасы, сот ордуна талапкерлерди электрондук тестирлөө жана сот маалыматын интернет-сайтка чыгаруу программаларын киргизип жатат. Андан тышкары, Жогорку сот алдындагы “Адилет сот” мекемеси соттордо маалымат технологиялардын өнүгүшүн колдоп жатат.
  • Мыйзамга ылайык, 2016-жылдан тартып, сот актылары www.sot.kg сайтына жарыяланышы абзел. Программа бул мыйзамдын аткарылышына сотторду тиешелүү жабдуу, программалар жана окутуу менен камсыз кылуу аркылуу салым кошуп жатат.
  • Үч жогорку окуу жайынын жүздөгөн студенттери сот жараянынын практикасы курстарына катышып, сот практика жүзүндө кандай жүрүшү жөнүндө баалуу билим алышууда. Андан тышкары, студенттеринин арасында сот актыларын даярдоо жана соттоо процесси боюнча конкурстар өткөрүлдү.