АИВ (ВИЧ) боюнча флагман

Узактыгы:  декабрь 2015 – ноябрь 2020

Бюджет: $21 млн

Ишке ашыруу боюнча өнөктөш: Population Services International  

Негизги өнөктөштөр: КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, СПИД боюнча республикалык жана аймактык борборлор, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Ишмердүүлүк орду: Бишкектин тегереги, анын ичинде Бишкек шаары, Сокулук жана Ысык-Ата райондору; Ош, анын ичинде Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору.

USAIDдин Борбордук Азиядагы АИВ боюнча флагман долбоору АИВдин жаңы учурларын жана АИВге байланыштуу өлүм учурларын азайтуу максатында иштейт. Долбоор АИВдин алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо жана камкордук боюнча жогорку сапаттуу кызматтарга ийне сайынган баңги колдонуучулар жана АИВ менен жашаган адамдар сыяктуу калктын максаттуу топторуна жол ачат.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор UNAIDSдин «90-90-90» масштабдуу стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жатат. Ал стратегия 2020-жылга карата АИВ менен ооруган адамдардын дартын аныктоону 90% жеткирүүнү, алардын 90%-ын антитеровирустук терапия менен камтууну жана анын ичинен 90%-ында вирусту басмырлоону көздөйт.

Долбоор АИВ жуккандардын жаңы учурларын табууну күчөтөт жана оорулуулардын андан кийинки көрүнүп турушу үчүн келбей койгон учурларды азайтып, АИВ боюнча профилактика, АИВ-оорулууларга камкордук көрүү жана дарылоо сыяктуу кызматтарды толугу менен алышарын камсыз кылат.

КҮТҮЛГӨН ТААСИР ЖАНА НАТЫЙЖАЛАР

  • Долбоордун биринчи жылында 91 АИВ менен жашаган адамдар (АИВЖА) жашоо сапатын жакшыртуу жана АИВ трансмиссиясын азайтуу макстында антиретровирустук дарылоону башташты. Долбоор колдоо көрсөткөн жамааттык уюмдар бул адамдарга өмур бою дарыланууну карманышы боюнча колдоо көрсөтушөт. Долбоордун 2- жылында 1700 АИВ менен жашаган адамдардын долбоорго катышуусу күтүлүүдө.
  • Долбоорго катышып жаткан бардык АИВ менен жашаган адамдар, кургак учукка текшерилишет, зарыл болгон учурда аларга дарылоо жүргүзүлөт
  • Долбоор АИВди  кан аркылуу тез аныктоо инновациялык ыкмаларын иштеп чыгып аны баңги заттарды ийне аркылуу колдонуучу адамдар жана АИВ менен жашаган адамдардын жыныстык өнөктөрү сыяктуу тобокелдиги жогору топтор арасында  ишке ашырууда.
  • 5 бей өкмөт уюм учурду табуу жана учурду алып баруу жана  калктын максаттуу тобуна жамааттык кызмат көрсөтүү ыкмалары  боюнча окуудан өттү. 
  • АИВ менен жашаган адамдар көп учурда банги заттарды колдонуучулар сыяктуу  жабык социалдык топтордон келишет. Бул топтор дарыгерлер жана мамлекет учун жеткиликтуу эмес. Долбоор АИВ менен жашаган адамдардын дарылануусун жана камкордук алуусун женилдетүү макстында бир жамааттын өкулдөру болгон тен навигаторлор деп аталган тармак тузгон.
  • Долбоор медициналык мекемелер  жана бей өкмөт уюмдардын персоналдары үчүн АИВ оорулууларды басмырлаган стереотиптерди азайтуу боюнча иштерди улантат. 120 медицина кызматкер бул багытта атайын окуудан өтүштү.