Парламентке, Шайлоо Жөнүнүдө Билим Берүүгө Жана Байкоо Жүргүзүүгө Жардам Көрсөтүү

Коалициянын кол-центринин операторлору шайлоо күнү кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардан телефон чалууларын алып жатышат.
Коалициянын кол-центринин операторлору шайлоо күнү кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардан телефон чалууларын алып жатышат.
Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы

Узактыгы: 2016-2019

Аткаруучу өнөктөш: «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук бирикмеси

Негизги өнөктөштөр: Борбордук Шапйлоо Комиссиясы, Мамлекеттик Каттоо Кызматы, Министрликтер жана Мамлекеттик Органдар, Парламенттин Мүчөлөрү, CIIP, “Прецедент” КБ, жарандык коом, ММК

Географиялык алкагы: Кыргыз Республикасы

 

Бул долбоор 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана 2017-жылы президенттик шайлоону эркин, адилеттүү жана ачык-айкын шайлоо жолу аркылуу; ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Парламентин комплекстүү мониторинг менен камсыз кылуу жолу менен Кыргыз Республикасында демократияны илгерилетүүгө багытталган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

  • Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана президенттик шайлоо убагындагы шайлоо процедуралары жөнүндө жарандык коом өкүлдөрүнүн билимдерин көтөрүү;
  • Кыска мөөнөттөгү байкоочулардын жана узак мөөнөттөгү байкоочулардын шайлоонун талаш-тартыштары жана укук бузулары жөнүндө өз убагында, профессионалдуу түрдө баяндоо;
  • Маалыматты жана берилмелерди чогултуу, шайлоо жүрүмү жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту даярдоо, шайлоонун жыйынтыгы боюнча өз алдынча отчетторду берүү;
  • Парламенттик иш жүргүзүү боюнча билимди көтөрүү.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Жолжобонун камсыз кылуунун жана добуш берүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу, ошондой эле, жалпы жарандардын шайлоо жараянына ишенимин жогорулатуу максатында, 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна  жана 2017-жылы президенттик шайлоосуна байкоо жана мониторинг жүргүзүү.
  • Улуттук байкоо жүргүзүү кампаниясы, анын ичинде шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн узак мөөнөттөгү байкоочуларды даярдоо жана окутуу, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү, ошондой эле башка иштерди аткаруу.
  • Шайлоо күнү добуштарды катар эсептөө жана Байкоонун статистикалык методологиясы;
  • Өлкөнүн бүткүл шайлоо аймактарында миңден ашык кыска мөөнөттүк байкоочуларды даярдоо жана окутуу. Алар бардык шайлоо алдындагы иш-чаралары жөнүндө сандык жана сапаттык маалымдарды мобилдүү түрдө өткөрүп беришет;
  • Жалпы улуттук өнөктүк шайлоочулардын билим берүү боюнча, шайлоо жараянын сапаты жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу жана жарандардын көбүрөөк катышуусуна дем берүү.
  • Парламенттин ишинин: пленардык жыйналыштардын, комиссиялардын, мыйзам долбоорлордун жана юридикалык жолжобоолордун жүрүшүнө байкоо салуу жана ал маалыматты кооомчулукка ишенимди арттыруу максатында берүү.
  • Тегерек столдор, региондор менен видеоконференциялар, депутаттар менен жолугушуу. Айлык дайджести жана Парламенттин иш-чарасы жөнүндөгү жыйынтыктоочу отчетту публикациялоо.