Февраль, 2017-жыл- Кыргыз Республикасында потенциалдуу зайымчылардын дээрлик 50%ы зарыл күрөө кое албагандыктан кредит ала алышпайт. Негизинен бул чакан, жетишээрлик активдери (күрөөсү) жок, бирок өсүү үчүн потенциалы чоң бизнес – болгону акча керек.
Залайка Нааматова Кара-Балтада алты жылдан ашык мезгил бою нан жасап сатат. Өзүнүн бизнесин кеңейтүүнү чечип, ал банкка акча сурап кайрылганда, күрөө каражаттары жетишсиз деген ушундай эле кырдаалга туш болгон.
“Бул бизнесте мага дайыма акча жетишпейт. Ошондуктан мен банкка кайрылууну чечтим. Бирок ставкалар жогору экендигин жана алар күрөө талап кылгандыгын билдим”, - дейт Залайка Нааматова.
2011-жылы Кыргыз Республикасы Нааматова сыяктуу ишкерлерге жардам берүү үчүн жаңы финансылык куралды – гарантиялык фонддорду киргизген. Гарантиялык фонддор жетиштүү күрөө каражаты жок ишкерлерге кредиттик гарантияларды берет. USAID ушул жаңы финансылык куралды чакан жана орто бизнести колдоо үчүн киргизүүгө жардам берип, ишкерлер үчүн үмүткө дем берди.
Гарантиялык фонддор ассоциациясы берген маалыматка ылайык, 2011-жылдан тартып гарантиялык фонддор 400дөн ашык гарантия беришкен, алар 8,7 миллион АКШ доллары (600 млн. сом) өлчөмүндө киреше алып келген жана жаңы 342 жумуш ордун түзгөн.
“Гарантиялык фонддун ачылышы ишкерлер үчүн жакшы стимул болуп саналат, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө түрткү берет” – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожев.
Жаңы финансылык курал өлкөнүн экономикасына ийгиликтүү интеграциялангандыгына ынанып, USAID колдоо көрсөтүүсүн улантты. USAIDдин мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы кызматташтыгына көмөктөшүүгө багытталган Биргелешип башкаруу программасынын алкагында, USAID Гарантиялык фонддор ассоциация менен чакан жана орто бизнес үчүн кредиттердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында гарантиялык фонддордун ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнүн үстүндө иштеди.
Бүтүндөй 2016-жыл бою Ассоциация мамлекеттик органдар, парламенттин депутаттары жана финансылык эксперттер менен бирдикте гарантиялык фонддор жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү иштеп чыгышты жана илгерилетишти. 2016-жылдын күз айларында мыйзамга болгон түзөтүүлөр Парламент тарабынан кабыл алынып, Президент тарабынан жактырылган. Калган жаңылыктардан тышкары, жаңы мыйзамда гарантиялык фонддордо жеке капиталдын үлүшүнүн чеги жана гарантиялык фонддун каражаттарынын эсебинен жабылышы мүмкүн болгон кредиттин өлчөмү көбөйтүлгөн. Ассоциация бул бүткүл өлкө боюнча жаңы гарантиялык фонддорду ачууга жана бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жардам берет деп эсептейт.
Мыйзамга болгон түзөтүүлөр Парламент тарабынан каралган, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гарантиялык фонддордун “Гарантиялык фонд” акционердик коомун түзүү менен экономикага кошкон салымын белгилеп кетти. Ушул фонддун капиталына 1 млн. АКШ доллар акча каражатын Өкмөт бөлүп, калган 3 млн. долларды Азия өнүктүрүү банкы бөлүп берди. Азыркы учурда акционердик коом Кыргызстанда бизнести андан ары өнүктүрүү максатында өзүнүн ишин кеңейтүү үчүн кошумча каржылоо булактарын издеп жатат.
Залайка Нааматова гарантиялык фонддордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонгон алгачкы ишкерлердин арасында болгон. Бизнести өнүктүрүүгө акча алууда ага бүткүл өлкө боюнча ачылган алты фонддун бири – “Кара-Балта” гарантиялык фонду жардам берди.
“Мен нанды шаарыбыздын мектептерине жана бала бакчаларына жеткирип туруу үчүн көбүрөөк нан жасай баштадым, ошондой эле чекене дүкөндөр тармагы аркылуу сатам. Андан тышкары, мен жумушка эки аялды жалдадым жана салык көбүрөөк төлөйм, ал жергиликтүү бюджетти түзүүгө кетет”, - деп сыймыктануу менен айтты Залайка.
ССЫЛКИ
USAIDдин биргелешип башкаруу программасы
Биздин бул жактан да окуңуз @USAIDKG, on Facebook, on YouTube
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.