Каракол сугат сууну кантип кайтарып алды

Бул арыктардан он жылдан бери биринчи жолу суу агып жатат
Бул арыктардан он жылдан бери биринчи жолу суу агып жатат
Атуул
Коомдук ишмерлер Караколго сугат суусун кайтарууга аттанышты
"Каракол Кыргызстанда кеңири калктын активдүү катышуусу менен сугат тармагын жандандыруу боюнча стратегия иштеп чыккан жалгыз шаар болду”

Июль 2017 - Кубан Акматовдун көптөн күткөн кыялы ишке ашты – ушул жазда анын алма жана алмурут бактары он жылдын ичинде биринчи жолу гүлдөдү.

“Мен бакчамдын сулуулугуна суктанып тойбой жатам! Буга чейин бул жердин баары отоо басып жаткан. Сугат суунун жоктугунан биздин бакча өстүрүү аракеттерибиз куру бекер болуп атты”, – дейт Кубан.

Чыгыш Кыргызстандын эң чоң шаарларынын бири Каракол шаарындагы сугаруу каналдары он жыл мурун бузулуп баштаган. Натыйжасыз башкаруу, көзөмөлсүз курулуш жана өтмө көпүрөлөрдүн жоктугунан, он каналдан төртү гана иштеп калган. 92,7 миң тургундардын 30 пайызы гана сугат суу менен камсыз болуп калган.

Акыбал 2015-жылы, “Атуул” коомдук бирикмеси жергиликтүү коомду ушул маселенин чечүүгө бириктире баштаганда өзгөрө баштады. Галия Хурованын баштаган “Атуул” бул маселени изилдеп, чечүү жолдорун сунуштоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, коомдук активисттерден, юристтерден жана маалымат кызматкерлеринен турган атайы топту уюштурду. Андан тышкары “Атуул” кеңири калк менен коомдук талкууларды өткөзүп, ал жакта бардык кызыкдар жарандар өздөрүнүн сунуштары менен бөлүшө алышты.

Бардык талкуулардын жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгында шаардын сугат системасын иштеп чыгуу боюнча толук стратегия пайда болду. Шаардык Кеңеш бирдиктүү саясат кабыл алды.

“Атуул” коомдук бирикмеси тургундар менен жолугушууларды уюштуруу, маселелерди тактоо жана реновация планын жана смета түзүү үчүн инженерди жалдоо иштерине USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынан гранттык жардам алды.

“Бекитилген стратегия ар бир компетенттүү органдын жана жүздөгөн жарандардын оюн эске алуу менен түзүлдү. Ошентип, Каракол Кыргызстанда кеңири калктын активдүү катышуусу менен сугат тармагын жандандыруу боюнча стратегия иштеп чыккан жалгыз шаар болду”, – дейт Галия Хурова.

Андан тышкары, шаардык кеңеш негизги каналын оңдоо, шлюздарды жана арык лотокторун алмаштыруу, сугат тутумдарын жандандырып же кайра салуу иштерине 3 млн сом бөлүп берди. Жыйынтыгында, 1,5 миң үй-бүлөө сугат суу менен камсыз болду. Бул жылдын башында, шаардын борборундагы эки кварталдагы бакчаларга барчу канал үчүн шаар кошумча 1,2 миң лоток сатып алды. 

Стратегияны иштеп чыгуудагы жараян менен көңүлү көтөрүлгөн тургундар, оңдоп-түзөө иштерине да катышышты. Алар болгон сугат тутумдарын тазалап, жаңыларын салганга жардам беришти. “Биздин аймактын тургундары, мисалы, кыска мөөнөттүн ичинде өз үйлөрүнүн жанындагы арыктарды тазалап, керектүү жерлерде жаңы арыктарды салышты,” – дейт Рыскул Жумакадыров, шаардын бир аймагынын башчысы.

“Бул маселенин шашылыштыгынан улам, жергиликтүү бийликтер жана коом шаардын ирригациясын калыбына келтирүү иштерин бүгүнкү күнгө чейин кылып жатышат. Биз бул ишти бүтүрүп, ар бир жаранды сугат суу менен камсыздайбыз,” – дейт Хурова.

Жөн гана талкуу катары башталган нерсе миңдеген адамдарды суу менен камсыз кыла турган чоң бирдиктүү долбоорго айланды. Стратегия бар, шаардык кеңеш акча бөлүүнү улантууда. Демек, Каракол шаарында дагы алда канча көп бакчалар жана Кубан Акматов сыяктуу бактылуу багбандар болот.

Биргелешип башкаруу программасы жарандык коомдун, жеке бизнестин жана Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртууда, жарандардын муктаждыктарын чечүүдө жана өкмөттүн жооп кайтарымдуулугун арттырууда болгон кызматташтыкты колдойт.