Кыргызстандын кургак учук лабораториялары эл аралык стандарттарга шайкеш келди

Таластагы лабораториянын адистерин окутуу
Таластагы лабораториянын адистерин окутуу
USAID
Эми 10 лаборатория изилдөөлөрдү так жана бат өткөрө алат
«Биздин лабораториялардагы сапат боюнча менеджмент системасы лаборанттардын ишин жана лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртууга олуттуу жардам берген»

Кыргыз Республикасында жыл сайын 5,5 миңден ашуун адамда кургак учук аныкталып чыгат. Бул инфекциялык ооруну дарылабаса, ал өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Кургак учукту диагностикалоо адистештирилген лабораторияларда ар түрдүү изилдөөлөр аркылуу жүргүзүлөт. Бирок, акыркы мезгилге чейин Кыргызстанда ISO-15189 эл аралык лабораториялык стандарты катаруу белгилүү жогорку талаптарга жооп берүүчү лабораториялар болгон эмес. Ал эми, ал лабораториялардын сапаты жогору болушу өлкөдө оорулуулардын санын кыскартуу үчүн олуттуу мааниге ээ.

Кыргыз Республикасында кургак учук эпидемиясын ооздуктоо максатында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) бүткүл өлкө боюнча бир катар лабораториялардын сапатын көзөмөлдөө системасын киргизүүгө көмөктөштү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору колдогон бул система, биоматериалдан сынам алуудан баштап ооруну жуктуруу тобокелдигин азайтууга чейинки заманбап лабораториялык жаряндарды камтыйт.

2015-жылдын мартынан баштап, жогоруда аталган системаны ишке киргизүү боюнча иштин алкагында жалпысынан 217 лабораториялык адис окутулган.

Бүгүнкү күнү үч облуста ишке киргизилген он лаборатория эл аралык сапаттын катуу талаптарына шайкеш келтирилген. Жакында өткөрүлгөн көз карандысыз текшерүүлөр көрсөткөндөй, жаңы система менен иштеген лабораторияларда изилдөөлөрдүн тактыгы 70%дан 77%га көтөрүлдү.

Андан тышкары, лабораториялар жумушчулар үчүн кыйла коопсуз болуп калды. Буга чейин лаборанттарга кургак учук жугуу мүмкүнчүлүгү сакталып келген, анткени күнүмдүк турмушта протоколдор жетиштүү дэңгээлде сакталган эмес. Мисалы, биологиялык сынамдарды бөлмөдөн бөлмөгө алып өткөндө атайын коопсуз кутучада алып өтүү талабы болсо да, лаборанттар колуна алып эле өтүшчү.

Жаңы ситема киргизилгенден бери бир дагы лаборатория адистинде активдүү кургак учук аныкталган эмес.

Бул зор жетишкендик USAID тарабынан көрсөтүлгөн эксперттик техникалык жардамдын жана Кыргыз Республикасында иштеп турган бардык лабораториялардын сапатын контролдоого жана сертификаттоого жооптуу Улуттук референс-лаборатория менен тыгыз кызматташуунун негизинде мүмкүн болгон.

«Биздин лабораториялардагы сапат боюнча менеджмент системасы лаборанттардын ишин жана лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртууга олуттуу жардам берген»,- дейт Калмамбетова Гульмира, Улуттук референс-лабораториясы башчысы.

Эң негизгиси эми бейтаптар кыска мөөнөттүн ичинде мурдакыга салыштырмалуу кыйла так изилдөөдөн өтө алат. Кургак учук диагнозу такталса, алар дароо башкаларга жуктурбоо боюнча консультация алышат, анткени бул кургак учукту жеңүүнүн маанилүү элементтеринин бири. Канчалык бат диагноз койсо, ошончолук тез дарылоону  баштоого болот. Антибиотиктердин жардамы менен тийиштүү дарылоо башталгандан кийин, бейтап акырындык менен жугуштуу болбой калат жана бөтөн адамдарга оору жукпайт.

Сапатты көзмөлдөө системасын киргизүү Кыргыз Республикасында 2014-2019-жылдары ишке ашып жаткан USAIDдин «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун бир бөлүгү. Долбоор саясий консультациялар, тренингдер жана техникалык жардам аркылуу өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жана кургак учукка каршы күрөшүүдө анын туруктуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

 

ШИЛТЕМЕЛЕР

Биз социалдык тармактарда: @USAIDKG, Facebook, YouTube