Жаңы ыкмалар жүгөрүнүн түшүмүн эки эсеге көбөйтүүгө жардам берди

Kids enjoy playing with new maize yield that is twice as much as last year
Былтыркыдан эки эсе өскөн жүгөрү түшүмү
USAID
2,200 дыйкан жаңы ыкмаларды үйрөнүп, түшүмдөрү өсүп жатат
«Жүгөрүнүн бир бөлүгүн кышында малыма тоют катары өзүмдө калтырам. Калган түшүмдү сатамын да, пайдасына кышында үйдү жылытуу үчүн көмүр, ошондой эле балдарыма велосипед алып беремин»

Ноябрь 2016 - Жалал-Абад жана Ош облусунда дээрлик бардык фермерлер адатынча эле эски, кара күчтү көп талап кылган ыкмалар менен жүгөрү өстүрүп келишет. Мындай ыкма жүгөрү өстүрүүнүн пайдалуулугун чектейт. Көп учурда малга тоют катары камдалган түшүмдүн төмөн болушунан улам, фермерлер кышкыга кошумча көлөмдөгү тоюттарды сатып алууга аргасыз болушат.   

Кадырбек Баратов да көпчүлүктүн катарынан чыкпады. Ал баардыгын атасынан үйрөнгөн соң анын жолун жолдоп, жүгөрү өстүрүүгө киришкени менен ошол эле ыкмаларды колдоно алды.

«Менин үй-бүлөм: жубайым, тогуз жана жети жаштагы уулдарым жана беш жашар кызым талаада мага жардам берип келишкен. Баарыбыз тынбай иштөөгө аргасыз элек», - дейт Кадырбек.

2016-жылдын январь айында Жалал-Абад жана Ош облустарынын 2200 фермери менен биргеликте ал USAID Агро горизонт долбооруна катышып, анын кадыресе алчу түшүмүн эки эсеге көбөйтүүнү убада кылган жаңы агротехнологияларды өздөштүрүүгө белсенди.

Фермерлер атайын окууга жана талаада өткөн практикалык машыгууга катышып, жүгөрү өстүрүүнүн алдыңкы тажрыйбасы менен таанышышты. Жаңы билимди иш жүзүндө кеңири пайдалануу максатында жүгөрүнүн гибриддик сорттогу жогорку сапаттуу үрөнү, жер семирткичтер жана пестициддер сатып алынып, анын чыгымдары USAID менен долбоор катышуучуларынын ортосунда тең бөлүндү. USAID, өз кезегинде, айыл-чарбада техниканы колдонуунун эффективидүүлүгүн көрсөтүү үчүн жер кыртышын даярдоо, малалоо, бүркүү, жерди культиватор менен иштетүү жана түшүмдү жыйноодо техниканын кызматын акысыз камсыздап берди.

Алты ай өткөн соң, Кадырбек Баратов өзүнө таң калыштуу болсо да түшүмү эки эсе көбөйгөнүн көрдү. «Бул менин үй-бүлөм үчүн өзүнчө белек», - деп ой бөлүштү Кадырбек. Бирок, ал техникалык каражаттарды колдонгонудуктан жубайы үйдө балдар менен көбүрөөк убакыт өткөргөнүнө жана балдары мектептен калбай билим алыганына көбүрөөк сүйүнгөндөй. «Өзүмдө да куруп жаткан үйүбүздү аяктоого көбүрөөк убакыт пайда болду», - деп кошумчалады Кадырбек.

Долбоор бул комплекстүү иш-чара айрым гана учрда эмес, толугу менен эффективдүү экенин көрсөттү. Долбоордун бардык 2,200 катышуучулары айыл чарба техникасын, жогорку сапаттуу үрөндү жана жүгөрү өстүрүүнүн алдыңкы тажрыйбасын колдонуу аркылуу жүгөрү түшүмүн эки эсеге көбөйгөнүн айтышты.

USAID Агро горизонт долбоору рынокторду кеңейтүүнүн жана тандалган айыл чарба секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүнүн эсебинен чакан фермердик чарбалардын кирешесин жогорулатууга багытталган. Долбоор айрыкча аялдар жана жаштарды эске алуу менен айыл чарба секторунда жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана азыктуулугу жогору тамак-аш өнүмдөрүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө көмөктөшөт.

ШИЛТЕМЕЛЕР

Бизди тармактардан табыңыз @USAIDKGFacebook, YouTube