Ооруканалар балага «камкор» болгондо

SPRING долбоору Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге 27 ооруканага "балага камкор" статусун алууга көмөк көрсөтүп жатат
SPRING долбоору Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге 27 ооруканага "балага камкор" статусун алууга көмөк көрсөтүп жатат
USAID/SPRING
Эмчек эмизүү жаш баланын ден соолугун чыңдайт
“Биз энелерди эмчек сүтүн эмизүү боюнча жана “териге тери” байланышынын тууралыгы жөнүндө үзгүлтүксүз окутабыз"

Төрөттөрдүн  99 пайызы квалификациялуу адистер тарабынан кабыл алынганына карабастан, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын  60 пайызы гана бир сааттын аралыгында эмчек сүтүн  эмишет жана  6 айга чейинки курактагы балдардын 41 пайызы гана жалаң эмчек сүтүн  эмүүдө  болушат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул көрсөткүчтөрдү жогорулатуу ымыркайлардын өлүмүн азайтууга жана толук кандуу тамактанбай калуусун алдын алууга жардам берет.

Жаш энелерге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, USAID тарабынан каржыланган Дүйнөлүк денгээлде тамак-аш тармагындагы өнөктөштүктү, натыйжалуулукту жана инновацияны чыңдоо (SPRING) долбоору Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги менен иштеп, 27 медициналык мекемелерге “Балага камкор оорукана” статусун алууга жардам берип жатат. Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана ЮНИСЕФ тарабынан  түзүлгөн демилге эненин жана баланын эмоционалдык байланышын түзүүсүн колдойт жана эмчек эмизүүнү илгерилетүүчү оптималдуу камкордуктун дүйнөлүк стандартарын аныктайт. Улуттук көз карандысыз байкоо комитети өзүн өзү өркүндөтүү процесстен кийин “Балага камкор оорукана” сертификатын берет.

2016-жылы, SPRING долбоору тарабынан колдоого алынган эки оорукана - Жалал-Абад облустук бириктирилген клиникалык ооруканасы жана Токтогул аймактык ооруканасы – көз карандысыз улуттук байкоочу комитети тарабынан “Балага камкор оорукана” деп аталган. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жылына 7 миңге жакын ымыркайларды жарык дүйнөгө келет, андан тышкары бул бейтапкана 1,1 млн адам үчүн адистештирилген борбор катары эсептелинет. Оорукана ошондой эле татаал клиникалык көрсөткүчтөргө ээ болгон же алыскы райондордон оор төрөттөн кийин катталган аялдарга медициналык жардам көрсөтөт. Токтогул аймактык оорукана бир жылда 2,6 миң төрөт өткөрүп жана 100 миң адамга медициналык тейлөө көрсөтөт.

“Биз энелерди эмчек сүтүн эмизүү боюнча жана “териге тери” байланышынын тууралыгы жөнүндө үзгүлтүксүз окутабыз. Бул жөнөкөй ыкмалар Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканада жалпы балдар ооруларынын санын азайтуу үчүн, укмуш натыйжаларды берди. Биз бул жыйынтыктар менен жана башка ооруканалар үчүн үлгү болушубуз менен сыймыктанабыз”, - дейт Жалал-Абад облустук  бириккен клиникалык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Касымбаева.

Каражаты чектелүү ооруканалар үчүн аккредитациядан өтүү оңой эмес. Бул ооруканаларда SPRING долбоору менен иштешкенге чейин “балага камкордук” саясаты жок болчу, оорукана адистери  оптималдуу эмчек сүтүн эмизүү практикасы жөнүндө окуган эмес жана жаңы төрөлгөн ымыркайларына жасалма азыктандыруусун берүүсү кеңири колдонулган.

Аккредитациянын маанилүүлүгүн түшүнүп, окутууда жана өзүн-өзү баалоого мекемелер активдүү катышса да, аны менен бирге олуттуу тоскоолдуктарга дуушар болушат. Мисалы, оорукана жетекчилигинин кызыкчылгынын аздыгы, адистердин техникалык дараметинин жетишсиздиги (анын ичинде адистештирилген дарыгерлер да бар), айлык маянанын төмөндүгү, жумуш күчүнүн туруксуздуг,у ошондой эле балага эмчек сүтүн жасалма тамак менен алмаштыруу боюнча активдүү маркетинг. Биз окутууга мекемелердин жетекчилерин аралаштырып, алар менен жолугушуп, “балага камкордук” саясатынын жана аны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, түшүндүрүп жана тиешелүү статусту алууну колдойбуз.    

SPRING долбоору эки оорукананын 146 дарыгерлерин жана медайымдарды окутуп, окутуу куралдары менен камсыздап, ар дайым техникалык жактан жардам көрсөтөт. Ооруканаларда  жасалма жана бөтөлкө менен азыктандыруунун ордуна практика жүзүндө жалаң гана эмчек сүтү менен  эмизүүгө алмаштырылды. Азыркы учурда алар энелерди эмчек сүтү менен эмизүү боюнча тиешелүү көп кеңештер менен камсыздайт жана эмчек сүтүн эмизүү колдонмосун колдонот. Ошондой эле, эне менен баланын ортосундагы мээримдүү байланыш үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

2015-жылдан баштап SPRING долбоору 27 мекемеден  669 төрөт үйлөрүнүн адистерин окутту. Андан тышкары, окутуулардан кийин медициналык мекемелерге жардам берүү үчүн SPRING 1,116  жолу көзөмөл иш-чарасын жүргүздү. 2017-жылы алты кошумча мекемелер аккредитациядан өтүүсүнө ишеним артат.

SPRING долбоору Нарын жана Жалал-Абад аймактарында улуттук деңгээлде саламаттык сактоо кызматкерлерине кеңеш берүү жана толук кандуу азыктандыруу тейлөө сапатын жогорулатуу үстүндө иштеп жатып, медицина кызматкерлеринин лидерлик шыктарын жана ишке берилгендерин байкады. Өлкөнүн бардык масштабында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан "Балага камкор ооруканалар" демилгесин каржылоого каражаты да, механизми да болбогондуктан, SPRING долбоору энелер жана ымыркайлардын ден-соолугун жакшыртуу кызматынын маанилүүлүгүн колдойт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, өнөктөштөр, саламаттыкты сактоо мекемелер жана жамааттары SPRING долбоору тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жогорку деңгээлде баалашты.